Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

БШК көчмө жыйын өткөрдү


БИШКЕК. 9-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы “Учкун” мамлекеттик акционердик коомунда көчмө жыйын өткөрдү. Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү аталган концерндин цехинде Жогорку Кеңешке шайлоого бюллетень басып чыгаруу иштери менен ЕККУнун өкүлдөрү, КМШдан келген байкоочулар, массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери тааныштырылды. Парламенттик шайлоого көгүш түстөгү 2 млн. 600 миң бюллетень даярдалышы күтүлүүдө. Орусиянын Краснокамск шаарынан 38 рулон кагаз алынып келинди. Ал эми бюллетендер 12 –февралдан 17 февралга чейин басылып чыгарылат. Аны чыгаруу иштерин Борбордук шайлоо комиссиясынын көзөмөлдөө-текшерүү тобу жана Улуттук Коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери көзөмөлгө алат.

XS
SM
MD
LG