Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

РАЙС ЕВРОПАНЫ ЭРИШ-АРКАК ИШТӨӨГӨ ЧАКЫРДЫ


Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Кондализа Райстын Европадагы ырасмий сапары аяктап жатат.Эски материктин саясий борборлорунда аны жылуу кабыл алышты, Райс болсо өз кезегинде европалыктарды Иракка байланыштуу саал итарка боло түшкөн мамилелерди унутуп, Атлантикалык алянстын кызматташтыгында жаңы доорду баштоого, дүйнөгө эркиндикти жайылтууда эриш-аркак иштөөгө чакырды.

Кондализа Райстын Парижде студенттер менен чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү алдында сүйлөгөн сөзүн байкоочулардын көбү программалык маанидеги кеп катары баалашты.

АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы европалыктарга камдап келген жакшы ыбалуу сөздөрүн айтканы Парижди тандап алганы да тегин жерден эмес дешет. Франция Кошмо Штаттарынын бир тараптуу кадамдарына союздаштар арасынан баарынан көбүрөөк каяша кылып, тил кайрып келген эле.

Өткөндөгү араз-талаштарды унутар маал келди, деп айтты Райс. Өз ара мамилелердин жаңы барагын ачып,атлантикалык алянстын тарыхында жаңы бапты баштай турган учур келди. Райстын айтымында, Америка Европа менен эгей-шыгай болуп иштешкенге даяр,эмки кеп Европада калды.

Эл аралык мамилелер боюнча Париждеги борбордун директору Гиом Парментие франциялык ырасмий өкүлдөр Кондализа Райстын сөзүнө маңдайы жарылып кетпегени менен курсант болгонун ырастайт.

Мамлекеттик катчыны бардык жерде жылуу кабыл алышты, кантсе да ал АКШнын жаңы ырайын билдирет,анын үстүнө Райстын сөздөрү да ачык-айрым,ыбаалуу болду. Француздар америкалыктардай эле өткөнгө салабат дешет. Албетте, мунун өзү бардык иштерде орток тил табылды дегендик эмес, ошол эле учурда тараптар Иракты башың баш,багалчагың караташ дегендей абалга таштап койгонго да болбой турганын бирдей эле түшүнөт, дейт Парментие.

Европалыктар бу тапта мамлекеттик катчынын сөздөрүн талдап-таразалап жатышат.Ортодо али өгөй-татай кеп чыгарар көп маселе бар.Эң ириде Ирандын атомдук программасына байланышкан проблемада Атлантиканын эки өйүзү эки башка позицияда турат.Ошол эле Франциянын тышкы иштер министри Мишель Барнье Тегеранды эпке келтирүүдө Евросоюздун күч-аракетине Вашингтон колдоо көрсөтүүгө тийиш деп эскертти.

Райс болсо Ирандагы режимдин ички да,тышкы да саясаты Вашингтонду камтама кылып,өзгөчө жайчылык максаттарга жамынып алып жашыруун түрдө атомдук курал түзүп жатабы деген түпөйүл ой катуу кооптондуруп жатканын кайрадан бышыктады.

Мындан тышкары экономикалык чөйрөдө да акыркы кездери атлантикалык альянстын мамилелерин кыйла кыйгылданткан факторлор пайда болду. Ошондуктан Райстын кызматташтык жөнүндөгү чакырыгы, европалык реформалар борборунун эксперти Даниэл Коэхендин айтымында, ишкерлердин ынтаасын жаратты. Лондондук эксперттин айтымында, баарыдан мурда соңку бир нече жылдагы тоңбий алаканын какаары кайтып, Америка өзү колун сунуп жатат. Экинчиден болсо Коэхен кызматташтыкка жана зирек акылга негизденген трансатлантикалык соода-сатык жалпысынан дүйнөдөгү абалга шарапатын тийгизет, ал эми глобалдык экономиканын жүгүн ийиндешип көтөргөн ары жеңил, ары эки тарапка тең пайдалуу болот деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG