НОВОКУЗНЕЦК. Новокузнецкте "Эсаул" деген жахтада метан газы жарылып, андан 21 киши курман болду, 4 кишинин дайыны жок болууда. 4 киши ар түрдүү жарааттар менен ооруканага жеткирилди. Кемероводо жума күнү кенчилерге аза күтүү күнү деп жарыяланды. Областтын өкмөтү курман болгон кенчилердин үй бүлөлөрүнө 25-28 миң доллар өлчөмүндө кенемте акча төлөп берет.