Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:24

ИРАК ШАЙЛООСУНДАГЫ ЭРЕЖЕ БУЗУУЛАР ИЛИКТЕНҮҮДӨ


Иракта добуш саноо уланып жатканда көптөгөн эреже бузуулар туурасында маалыматтар ачыкка чыгып жатат. Ошого карабастан, башында эле шайлоого жогору баа берген Ирактын бийлик өкүлдөрү жана Бириккен Улуттар уюму өз пикирлерин өзгөртүшкөн жок.

Ирактын шайлоо кызматкерлеринин айтымында, 30-январдагы парламенттик шайлоонун убагында түндүктөгү Мосул шаарынын аймагындагы саботаж аракеттеринин кесепетинен миңдеген киши добуш бере албай калды.

Ирактын Шайлоо комиссиясынын өкүлү Савфат Рашид ушул дүйшөмбүдө Мосул баш калаасы болгон Ниневах провинциясында пландалган 330 шайлоо бекетинен 93ү гана ачык болгонун билдирди. Ошондой эле айрым шайлоо бекеттеринде куралчандар шайлоо документтерин уурдап кетип, бир катар кишилер шайлоого катыша алышкан эмес. Шайлоо комиссиясынын жетекчиси ал-Мухаммади ушул эле күнү бардык эреже бузуулар текшерилип, отчет толугу менен жарыяланаарын бышыктады:

- Шайлоо комиссиясынын кеңсеси бардык кемчиликтерди тыкат текшерип чыкты. Азыр ар бири боюнча өз өзүнчө чаралар көрүлүп жатат.

«Нью-Йорк Таймс» гезитинин шейшемби күнү жазышынча, шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү учурда 200дөн ашык арызды териштирип жатышат.

Эреже бузуулар боюнча түркмөн жана христиан жамааттары арыз беришти. Алар шайлоо бюллетендеринин тартыштыгы жана шайлоо бекеттеринин эрте жабылышы түндүк Ирактын айрым жерлеринде алардын толук өкүлчүлүккө ээ болушуна кедерги болгондугун айтышууда. Даттангандардын арасында Ирактын убактылуу президенти Гази ал-Явар да бар. Ал "Басрада, Багдадда жана Нажафта бюллетендердин жоктугунан менин он миңдеген колдоочуларым добуш бере албай калды" деп ырастады.

Шайлоону суни мусулмандарынын бойкоттошу да Ирактын учурдагы бийликтеринин баш оорусуна айланды. Дүйшөмбүдө белгилүү болгондой, калкынын үчтөн экисин сунилер түзгөн Салахудин провинциясында калктын 10 пайызы гана добуш берген.

Азырынча, добуштардын саны боюнча Бириккен Ирак Альянсы көч башында келатат. Бул биримдик шийи мусулмандарынын белгилүү имамы Аятолла Али ал-Систанинин колдоосуна ээ болгону менен таанымал.

Экинчи орунда күрдүлөрдүн өкүлдөрү, аларга куйрук улаш убактылуу өкмөт башчысы Аяд Алавинин коалициясы келатат.

Добуш саноо качан бүтөөрү эмгиче белгисиз, шайлоо өкүлдөрү алдыга чыккан үч топтун ортосундагы айырмада көп өзгөрүү болушу мүмкүн экендигин эскертишти.

Анын аралыгында Бириккен Улуттар уюмунун Ирактагы өкүлү Ашраф Гази 30-январдагы шайлоо "күтүлбөгөн ийгилик" болуп калганын билдирди:

- Элдер ар кандай коркунучка карабастан, топ тобу менен келип, ынтызарлана добуш берип жатышканын өз көзү менен көрүштү. Менимче шайлоонун мындай ийгилиги тараптарга ыкка келип, ийри отуруп, түз кеңешкенге жагымдуу шарт түзүп жатат.

Бир катар белгилүү саясатчылар жаңы бийликке Ирактагы бардык жамааттардын катышуусун кепилдөөгө чакырышууда.

Жаңы парламент ишке киришсе, депутаттар Ирактын келерки убактылуу өкмөтүн шайлашат жана туруктуу конституциянын жазылышына баш-көз болушат. Октябрда жаңы конституция боюнча референдум болот. Эгер башмыйзам жактырылса, декабрда жаңы улуттук өкмөткө шайлоо өткөрүлөт.
XS
SM
MD
LG