Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

САУДИЯДАГЫ ТАРЫХЫЙ ШАЙЛООГО АЯЛДАР КАТЫШТЫРЫЛГАН ЖОК


Бейшемби- Сауд Арабиясында жалпы элдик шайлоонун биринчи күнү. Үч айлампа менен өтчү өнөктүк өлкө борбору эр-Риядда башталды. Эркек шайлоочулар бул күнү жергиликтүү кеңештердин мүчөлөрүн шайлашты. Падышалыктагы 16 миллион букаранын теңи аялдар. Бирок, алар добуш берүүгө катыштырылган жок. Анткен менен, өлкө тарыхында алгачкы ирет өтүп жаткан шайлоо, падышалык башкаруудагы консервативдүү коомго демократиянын айрым элементтерин алып келет деп күтүлүүдө.

Байкоочулар Сауд Арабиясында биринчи ирет өткөрүлүп жаткан жалпы элдик шайлоону демократияны көздөй жасалган алгачкы жышаан катары баалашууда.

Бирок, маанилүү саясый окуя букаралар арасында көп кызыгууну жаратпады. Ордо калаа эр-Рияд чөлкөмүндөгү 600 миңдей шайлоочунун ичинен 149 миң адам гана каттоодон өттү.

Кээ бир жарандар шайлоо демократиялык өзгөрүүлөрдү каалаган Батыштын кысымы астында өтүүдө деген пикирде.

Падышалыкта парламент жок болгондуктан, анын милдетин падышалык бийлик тарабынан дайындалчу Масилээт кеңеши аткарат. Кеңештин мүчөсү Фахд ал-Мубарак «Рейтер» агенттигине берген интервьюда, шайлоону өлкө тарыхындагы бурулуш окуя катары баалайт:

- Шайлоонун биринчи жолу өтүп жатканын өзү абдан маанилүү. Анын болгону шайлоонун мааниси зор экенин көрсөтүүдө. Эми, добуш берүүнүн натыйжасы жана мааниси бир нече убакыт өткөндөн кийин падышалыктын ар кайсы аймактарында аңдап-түшүнүлөт. Шайлоого коомдун орто жаштагы интеллектуалдык катмарынын тартылганы өтө баалуу. Шайлоого кызыккандар аз. Биз Эр-Риядда шайлоого эл жандуу катышканын каалайт элек. Бул өтө маанилүү.

Маалыматтарга караганда, шайлоого падышалыктын 16 миллион букарасынын 3 миллиондон бир аз көбү катышат. 16 миллион элдин теңин түзгөн аялдар, ошондой эле 8 миллион чамалуу чет элдик жумушчулар жана алардын үй-бүлөлөрү добуш берүү укугунан ажыратылган.

Эр-Рияд шаардык шайлоокомунун белгисиз калууну каалаган мүчөсүнүн айтышынча, өнөктүк тынч, чыр-чатаксыз өтүүдө:

– Мен, ырасмий адам катары, шайлоонун бардык баскычы жеңил өткөнүнө аябай кубанычтамын. Шайлоочуларды катоо жана шайлоо өнөктүгү ийгиликтүү өттү. Эми анын жыйынтыктоочу айлампасы жүрүүдө. Ал да тынч өтөт деген тилектемин.

Бейшемби күнү эң чоң эр-Рияд чөлкөмүндөгү 37 муниципалдык кеңештин 127 депутаты шайланат. Эр-Рияд шаардык кеңешиндеги 14 мандаттын теңи үчүн 646 талапкер ат салышууда.

Үч этап менен өтчү өнөктүктө өлкөдөгү 179 муниципалдык кеңештин мүчөлөрүнүн жарымы шайланыш керек. Калган жарымын бийлик өзү дайындайт.

Шайлоонун экинчи айлампасы 3-мартта Чыгыш провинциясында, ал эми батыштагы Мекке жана Медина аймактарында 21-апрелде болот.

Өлкөнүн эмгек министри Гази Алгосайби шайлоону “алгачкы жышаан” жана “келерки кадам азыркы добуш берүүнүн ийгилигине жараша болот” дейт.

Талдоочулар өлкөдө саясый партиялар жок экенине, көпчүлүк талапкерлер саясый мүдөө менен эмес, өзүн элге көрсөтүү үчүн шайлоого катышып жатканына көңүл бурушат.
XS
SM
MD
LG