Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:18

11-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча 11-февралда күндүз республиканын айрым аймактарында ал эми түнкүсүн Жалалабад, Ош, Баткен, Нарын облустарында кар жаайт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС, ЧҮЙ өрөөндөрүндө абанын температурасы түнкүсүн -6...-11 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу.
ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН, ОШ облустарында түнкүсүн -2ден...-7 градуска чейин суук болот. Күндүз +1...+6 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн -4...-9 градус суук, күндүз 0...+5 градуска жылуу.
Тоолуу НАРЫН аймагында түнкүсүн -18...-23, күндүз -6...-11 градус суук.
БИШКЕК шаарында кар жаашы күтүлбөйт. Батыштан муздак жел жүрүп, түнкүсүн -7...-9 градуска суук болсо, күндүз +2...+4 градустун айланасында жылуу болот.

Кабарларды Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG