Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Кыргызстанда 11 миң чет өлкөлүк студент билим алууда


БИШКЕК. Кыргызстандын жогорку жана орто окуу жайларында билим алып жатышкан чет өлкөлүк студенттердин абалына арналган өкмөттүк жыйын 10-февралда өттү. Отурумду вице-премьер-министр Токтобүбү Айтикеева алып барды. Чет өлкөлүк студенттерге кандай шарт түзүлгөндүгү, алардын укугун коргоо боюнча Билим берүү, Тышкы иштер жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү маалымат беришти. Жыйында Билим берүү министрлигинин бул багытта жасаган иши «канааттандырарлык эмес» деп табылды. Аталган министрликтин малыматына караганда, учурда Кыргызстанда чет өлкөдөн келишкен он бир миң үч жүз отуз сегиз студент билим алууда. Алардын көбү Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистандан келгендер.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG