Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:59

Талапкерлердин саны дагы кыскарды


БИШКЕК. Парламенттик шайлоого катышуу үчүн каттоодон өткөн талапкерлердин дагы төртөө өз каалоосу менен жарыштан чыкты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 9-февраль күнү кечинде тыянак чыгарды. Шайлоо жараяны башталганы талапкер болуу максатын көздөгөн 473 талапкер арыз берген. Алардын 41и өз каалоосу менен арыздарын кайтарып алышты. 11и талапкердиктен четтетилди. Экөөнүн документи туура эмес болуп, экөө башка округда да катталгандыктан кыскартылды. Учурда 417 талапкер каттоодо турат. Алардын 84ү азыркы кош палаталуу парламенттин депутаттары. БШК төрагасы Сулайман Иманбаевдин билдиргенине караганда, шайлоого катышуудан өз каалоосу менен баш тартуу мөөнөтү мыйзамга ылайык 12-февралда аяктайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG