Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Шаардык сот Ачахон Тургунбаеваны талапкердиктен четтетти


ОШ. Шайлоого талапкер Ачахон Тургунбаеванын 500гө жакын жактоочулары нааразылык акциясын өткөрүштү. Пикетчилер адегенде шаардык мэриянын алдына чыгышып, андан соң соттун имараты жайгашкан Кыргызстан көчөсүн тосуп, транспорт кыймылын токтотушту. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 30га жакын кызматкери нааразылык акциясы болуп жаткан жерге келишти. Бирок жол тоскон тараптарга каршы күч колдонулган жок. Ош шаардык сотунун төрагасы Сүйөркул Матов пикетчилерге жолду тосуп алыш мыйзамсыз көрүнүш экендигин эскертип, чогулгандарды маселени тынч жол менен чечүүгө чакырды. Андан соң Ачахан Тургунбаева өзүнүн талапкерлигин кайра калыбына келтирүү үчүн ишти апелляциялык негизде Жогорку сотто кароого мүмкүнчүлүк алгандыгын жарыялап, өзүнүн жактоочуларынан жолду ачууну жана тарап кетүүнү суранды. Ош шаардык соту 9-февраль күнү депутаттыкка талапкер Алишер Сабировдун арызынын негизинде Ачахон Тургунбаеваны талапкерликтен четтеткен чечим кабыл алган болчу.

XS
SM
MD
LG