Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:22

Элдик кыймыл шайлоочуларга кайрылды


БИШКЕК. 27-февралда өтө турган парламенттик шайлоого байланыштуу «Кыргызстан элдик кыймылы» шайлоочуларга кайрылуу жолдоду. Кайрылууда азыркы бийлик бардык ресурстарды президенттин, өкмөт башчынын балдарын, туугандарын, кылмыштуу-олигархиялык чөйрөдөгү тилектештерин парламентке өткөрүүгө пайдаланууда деп айтылат. Ошондой эле кайрылуу «демократиялык» шайлоо деген шылтоо менен парламентте көп орун алып, ал аркылуу президент Акаевдин мөөнөтүн узартуу же парламенттик республикага өткөрүү аракети көрүлүүдө деп белгилеп, элди парламенттик шайлоого жапырт катышууга чакырган. Ал эми «Атажурт» кыймылынын төрайымы Роза Отунбаева «Эхо Москвы» радиосуна берген интервьюсунда шайлоо жараяны бийликтин ушул жайда Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө жөндөмдүү парламентти тандоону көздөгөн сценарийи менен баратат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG