Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Мамлекет башчысы Ош облусунда өзүнүн өкүлчүлүгүн ачты


БИШКЕК. Кыргызстандын экинчи борбору Ош шаарында президенттик администрациянын өкүлчүлүгү ачылды деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу 27-февралда журналисттерге президенттик админстрация жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков билдирди. «Акипресс» маалымат агенттиги 9-февралда президенттик администрациянын өкүлчүлүгү Ош шаарында ачылгандыгы жана өкүлчүлүккө Ош областтык мамлекеттик админстрация имаратынан жай бөлүнүп берилгендиги тууралуу жазып чыккан. Ал эми Ош областтык администрациянын атын атагысы келбеген кызматкеринин маалыматына караганда, мамлекет башчынын өкүлчүлүгү ушул апта башында Ош шаарында ачылды жана өкүлчүлүктүн жетекчиси болуп биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев дайындалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG