Линктер

дүйшөмбү, 23-январь, 2017 Бишкек убактысы 23:18

Британияда ханзаада Чарльз үйлөнөөрүн жарыя кылды


Британия падыша тагынын мураскери ханзаада Чарльз үйлөнүүгө камынып жатат. Анын маалымат кызматы кабарлагандай, ханзаада Чарльз Камилла Паркер Боулзка үйлөнөт экен. Алар бири-бирин көптөн бери билишээри айтылат.
Үйлөнүү-үлпөтү жума күнү 8-апрелде болот.
Маалым болгондой, Чарльз ханзааданын биринчи аялы каныке Диана 1997-жылы автокатастрофада каза болгон.

Төрөкул ДООРОВ, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG