Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

В.Путин БУУдан тактыкты талап кылат


Бүгүн Москвада БУУнун адам укуктары боюнча комиссары Луиза Арбур президент Владимир Путин жана орус омбудсмени Владимир Лукин менен жолугушту.
Лукиндин айтымында, сөз Чеченстандагы жана Орусиянын башка региондорундагы адам укуктарынын абалы тууралуу болду.
Путин сүйлөшүүдө “Улуттар уюму адам укуктары деп эмнени түшүнөөрү тууралуу так стандарттарды иштеп чыгышы керек” деп белгиледи:

- Жалпы эле дүйнөдө жүзүндө, ошондой эле терроризмге каршы күрөштүн чегинде адам укуктары кантип сакталып жаткандыгы тууралуу Орусиянын өз көзкараштары бар. Орусиянын кызыкчылыгы бар айрым өлкөлөрдө бул жаатта кандай проблемалар бар экендиги да белгилүү. Андыктан, биз адам укуктарын коргоонун так стандарттарын биргеликте иштеп чыгышыбыз керек деп ойлойм, - деди орус президенти Владимир Путин.

XS
SM
MD
LG