Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Израил Палестин менен сүйлөшүүлөрдү артка жылдырды


Батыш маалымат агенттиктери кабарлагандай, Газа секторундагы жөөттөр жашаган жерде минометтон чабуул коюлгандыктан, Израил Палестина менен биргелешкен коопсуздук чаралары жөнүндө сүйлөшүүлөрдү артка жылдырды.
Буга чейинки сүйлөшүүлөргө ылайык, Израил камакка алган 500 палестиналыкты боштондукка чыгарат деп күтүлгөн. Андан сырткары, Иорданиянын батыш жээгиндеги беш шаардан израилдик аскерлер чыгарылат деп макулдашылган эле.
Газа тилкесине Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббастын буйругу менен палестин коопсуздук кызматынын жүздөгөн аскери жиберилди. Алар ал жердеги жөөттөргө кол салууну болтурбоо аракетин көрүшөт.

XS
SM
MD
LG