Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

КЫРГЫЗСТАНДА ДИНДЕР КАГЫЛЫШЫ КҮТҮЛӨБҮ?


«Коом жана турмуш» аттуу маалымат-аналитикалык түрмөгүбүздүн кезектеги санын сунуш кылабыз. Бүгүнкү чыгарылышы «Кыргызстанда ар түрдүү диндердин кагылышы мүмкүнбү?» деген темага арналат.

Б. ДОСАЛИЕВА - Саламатсыздарбы, урматтуу угармандар! «Азаттык» радиосунун маалымат –аналитикалык түрмөгү бүгүн бекеринен Кыргызстандагы ар кыл диндер жана алардын коомго тийгизген таасири жөнүндөгү маселеге арналган жок.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жакында ар кыл диндердин, анын ичинде тоталитардык багыттагы диндердин таасири күчөп, аларды ээрчиген адамдардын көбөйүп бараткандыгына тынчсыздануусун жарыя кылды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы боюнча, азыр өлкөдө 30дан ашуун диний багыттар бар. Алардын ичинде Кыргызстанда түптүү деп эсептелген ислам менен христиандардын православ динининен тышкары католик, протестант, будда, иудей, бахаи жана башка диний багыттар бар.

Ислам дини боюнча иш жүргүзгөн 2000 мечит,9 казыят,25 борбор,чет өлкөлүк үч конфессия, бир университет,6 институт жана 41 медресе бар. Ал эми христиан багытында 279 жай, анын ичинде 44 храм, аялдардын бир монастыры, 2 диний уюм иш жүргүзөт.

Католиктердин үч коому, протестанттардын 235 диний жайы,анын ичинде чет өлкөлүк 21 конфессиясы, 12 окуу жайы, 7 борбору бар. Андан тышкары иудейлердин 2 коому,буддисттердин бир бирикмеси жана Бахаилердин 12 коому иштейт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия төрагасынын орун басары Наталья Шадрованын айтымында, комиссиянын атайын каттоосунан өтпөй туруп, коомдук фонд же уюм катары эл арасында иш жүргүзүп, өз катарын толуктоого ашыккан «Сан Мен Мун», «Белое братство», «Махаришинин менеджмент» мектеби, «Шри Ченмоя» деген диний багыттагы уюмдардын иши тынчсызданууну жаратууда. Анда ал тууралуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Өскөн Осмонов менен болгон маектен кененирээк кабар алалы:

- Өскөн мырза, сиз жетектеген комиссия ар кыл диний багыттагы уюмдардын Кыргызстандагы аракеттерине тынчсызданууну билдирди. Буга эмне себеп болду?

ОСМОНОВ:- Демократиялык эркиндиктен пайдаланып,өз мамлекетинен куулган диний уюмдар Кыргызстанга келип, атайын каттоодон өтүп алып иш жүргүзгөнгө аракет кылышат. Мисалы, Кытайда пайда болуп, ошол өлкөдө тыюу салынган «Фалунгун» диний уюму бар. Ошондой эле «Церковь обьединения Муна» , Украинада пайда болгон реакциячыл мүнөздөгү «Белое братство», анан адамзатка көпчүлүк жагынан коркунуч келтирген «Сатанизм» диний уюму бар. Булар өтө коркунучтуу. Анткени, булар адамдардын психикасына таасир этет. Башка өлкөлөрдө ал уюмдарга кирип кеткен адамдар акылынан ажырап, үй-бүлөсү менен өлүп аткандар бар. Жүз, беш жүз адам биригип, Кудайга жакшы иш кылып жатабыз деген сыйынуу жөрөлгөсүн жасап жатып, өздөрүн өзү өрттөп жиберген учурлар да бар. Алар адегенде бизге кайрылышкан, бирок, азыркы мезгилде жашыруун иш жүргүзүп жатышат. Булардын колдоочулары деле кыргыздын уландары менен кыздары экендиги бизди өкүндүрөт.

- Сиздердин иликтөө боюнча бир динден экинчи динге өтүүнүн башкы себеби эмне?

ОСМОНОВ:- Батыштан келген диндер материалдык жактан абдан бай. Буларда, мисалы, протестант дининде «Закон десятины» деген мыйзамы бар. Алар тапкан кирешесинин 10 процентин өзүнүн уюмуна алып барып берип турат. Анан буларды колдогон миллионерлер бар. Ошондуктан, алар эч качан акчаны аябайт. Айрым айылдарга кийим-кече, азык –түлүк жактан эле жардам бербестен айыл чарба техника жагынан да жардам берип жаткандар бар. Ушундан улам элдин көпчүлүгү жүрөгү менен тартылбастан материалдык кызыкчылык үчүн тартылып кетишүүдө.

- Бирок, эмнегедир башка динге өткөндөрдүн арасында жаштар көп болууда, мунун да бир себеби бардыр?

ОСМОНОВ:-Булар адамдын психикасына көп таасир эткенге аракет кылышат. Мисалы,ислам дининде арам деп ичкилик ичүүгө тыюу салынат. Ал эми протестанттык динде тескерисинче, сыйынуу маалында жаштарга «пайгамбардын каны, пайгамбарга сыйынуунун бир жолу» деп вино беришет экен. Виного кошуп баңги заттарынын анча күчтүү эмес түрлөрүн берип коюшат экен. Ошону кабыл алгандар эртеңки күндөгү сыйынууну күтүп калышат экен. Анан булардын дагы бир өзгөчөлүгү турмушка абдан катуу ыңгайланышкан. Мисалы, булардын сыйынуусу үчүн ислам дининдегидей мечиттин, православ же католик дининдегидей чиркөөнүн да кереги жок. Үйдүн бир эле бөлмөсү болсо 20-30 адамдын сыйынуусуна жетет. Жайдын күнү болсо суунун бою болобу, талаа болобу отуруп алып сыйына беришет. Ал тургай комуздун күүсүнүн коштоосу менен Кудайга сыйына берсе болот дешет. Демек, булардын талабы абдан жеңил. Экинчи жагынан айрым бир протестанттык уюмдар жаштарды чогултуп алып сыйынуу мезгилинде экстаз абалына келтирип топ менен жыныстык катнашууга тарткан учурлар бар. Жаштардын бирөө өтүп, ушундай нерселерди көргөндөн кийин мектеп окуучусу өзүнүн классташтарын, студент болсо курбуларын ээрчитип барганга аракет кылышат экен.
Мына ушундай диний уюмдардын таасири азыр билинбеген менен жарым кылым өткөндөн натыйжасы билинип,элибиз өзүнө мүнөздүү касиеттеринин баарын жоготуп, маңкурттарга айланып калабы деген коркунуч бар.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

ДОСАЛИЕВА:- Айрым байкоочулардын баамында,Кыргызстандагы мусулмандардын башка динге өтүүсүнүн дагы башка себептери бар. Анын бири ислам дини боюнча кызматкерлердин исламдын философиясын эл арасына жеткиликтүү жеткире албагандыгы. Мындай пикирге негиз берген жагдайлар бар экендигин Кыргызстандагы мусулмандардын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов мойнуна алган менен ислам динине жамынган айрым экстремисттик уюмдардын аракеттери да терс таасир берип жаткандыгын белгилейт:

- Исламга жамынып алып, аны өзүнүн негизги куралы катары эсептеп, бирок, түпкүлүгүндө башка максатты көздөгөн кээ бир агымдар, уюмдар, топтор жана партиялар биздин азыркы кездеги башкы көйгөй. Мисалы, «Хизбут-тахрир». Келечекте ушулар ислам динин тутунган адамдардын баарына залакасын тийгизээри ажеп эмес. Бул бир. Экинчиден, ар бир адам өзүнүн акылына таянып дин тандаш керек. Анан эң негизгиси –исламда акчага же материалдык жардамга кызыктырып, ыйманга тартуу деген жок. Пайгамбарыбыз мындай ишти жек көргөн. Пайгамбарыбыз ар ким өз дили, чыныгы ишеними менен исламды тутушу керек деп айткан. Мындан тышкары биздин каражатыбыз тартыш болгондуктан биз бирөөлөрдү акча менен мажбурлап тартууга барбайбыз.-

Ал эми Кыргызстанда иш жүргүзүп жаткан салттуу эмес диний багыттардын өкүлдөрү өз катарына башка динди тутунган адамдардын көп өтүшүнө акча, материалдык кызыкчылык башкы шыкак болуп жатат деген ойго макул эмес. Алардын бири, Кыргызстанда 1996-жылдан бери иштеген жана Дин комиссиясынын тыянагы боюнча зыяндуу деп эсептелген «Махаришинин менеджмент» мектебинин башкы директору Андрей Евдокимов мындай дейт:

- Биринчиден, мындай кооптонуу алардын иштегиси келбегенден эле чыгып жатат. Мисалы үчүн, бизге комиссиянын бир да кишиси басып келген жок. Ушундан улам алар мындай тыянакты кантип, кайдан чыгарганын мен билбейм. Балким, мектептин негиздөөчүсү улуту боюнч индус Махаришинин атынан эле пайда болуп жаткандыр. Экинчиден, биз Билим берүү министрлигинин лицензиясынын уруксааты менен иштейбиз. Аны берүүдөн мурун Билим берүү министрлигинин эксперттик комиссиясы катуу текшерип туруп, биз дин менен байланыштуу иш жүргүзбөшүбүзгө көзү жеткенден кийин гана лицензия берген.

Андрей Евдокимовдин айтымында, мектепте окутулган трансвентиалдык медитация деген көнүгүү эч бир динге байланышы жок. Ага дүйнөнүн 120 өлкөсүндө уруксаат берилип, медитацияны үйрөнүүгө АКШ бюджетинен жылына 20 миллион доллар бөлөт.

Дин комиссиясынын жетекчиси Өскөн Осмонов белгилегендей, материалдык, физиологиялык кызыкчылыктардан улам бир динден экинчи динди тандаган айрым атуулдар кийин психиологиялык кыйын кырдаалга түшкөнү маалым. Ага Жалалабад облусундагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун түштүктөгү башка динге өтүп кеткен айрым атуулдар менен уюштурган төмөнкү иликтөөсү күбө:

АБДРАИМОВ:- Облуста Иса пайгамбарга сыйынгандар үчүн чиркөө, коомдорду кошкондо онго жакын атайын жайлар бар.Коомчулуктун байкоосу боюнча Жалалабад шаарында христиан-баптисттик,евангелисттик жана «Иса машаяк», «Жетинчи күндүн адвентисттери», «Люттеран» өңдүү диникайырлардын түйүндөрү иштейт. Мектеп окуучулары менен улан-кыздарга англис тилин үйрөтүү, Иусус Христос жөнүндө баяндаган тасмаларды көрсөтүү аркылуу жаштарды христиан динине тартууну көздөгөн миссионерлер да жок эмес.Диникайыр уюмдардын өкүлдөрү жумушсуз,оорулуу,аң-сезими калыптана элек жаштарды Кудай алдындагы жооптуулук,аркы дүйнөдөгү тозок менен коркутаары Айсулуу аттуу кыздын аңгемесинен белгилүү болду:

Айсулуу:- Кээ бир миссионерлер келип «ата-энең өлөт, сен күнөөлүү адамсың, сен ушул динге өтсөң баардык күнөөңдөн кечирилесиң, өзүн гана эмес үй-бүлөңдүн баары куткарылат» деп коркутушкан. Албетте, мындай нерселерди жаштарга айтканда алар коркушуп ошол динге өтүп кетишет. Анан өзүнөн башка сөзсүз түрдө үч адамды тартып келиш керек. Андан тышкары тапкан кирешеңдин 10 процентин чиркөөгө беришиң керек ,-дейт дини кайырлардын арбоосуна туш болгон Айсулуу.

Өзү менен жакындарынын башына күн түшүп калганда Иса пайгамбарга чокунган Руслан Жунусов христиандыкты эки жыл мурда кабыл алган.Русландын жообуна караганда христиан динине киргендерге материалдык жардам же акча берилет деп эл ичинде айтылган пикирлер туура эмес:

Руслан: - Менин оюмча бул Кудайдын каалоосу. Анткени, менде көп суроолор бар болчу. Мен бул дин тууралуу биринчи уккандан кийин бир жыл бою көп ойлонуп, анан кирдим. Бул жердеги башкы артыкчылык Кудайдын бизге кылган ырайымы. Мен ошол ырайымды Ыса машаяктан таптым. Менин үй-бүлөм, ата-энем билишет. Карындашым дагы ушул Кудайга ишенет. Мен бир жыл ушул диндеги адамдар менен жашадым.Алар менен жашап, турмушун көргөндөн кийин акча берет деген сөздөрдүн туура эмес экендигине ишендим.

АБДРАИМОВ:- Жалалабад облустук администрациясынын дин иштери боюнча кызматкери Садырбек Качкынбаевдин айтымында, христианчылыкка көбүнчө ислам дини менен таанышы жок жарандар өтүүдө. Дин тутуу эркиндигине ылайык диникайырлар каттоого алынбайт. Бирок, христиан динин 150-200 адам кабыл алган деген божомол бар:

Садырбек Качкынбаев:- Башка динге өтүп жаткан адамдардын баары мурда мусулмандык чыныгы парзды деле аткарышпагандар. Мисалы, гуманитардык жардам берип жатышса, 10-15 адам башка динге өтүшөт, бирок, ага деле туруктуу ишеними болбойт.Эки-үч жылдан кийин ал жердеги адамдар кайда кеткендерин билбей деле калам.

Ал эми диндер ортосундагы жаңжалдарды изилдеп жүргөн адам укугун коргоочу Абдималик Шариповдун пикири боюнча христиандыкка көп киши деле өткөн жери жок:

Абдималик Шарипов:- Башка динге бир же эки адам өтүп кетсе эле көп киши өтүп жаткандай пикир жаратышат. Мен андай көрүнүш жок деген ойдомун.

ДОСАЛИЕВА:- Анткен менен бир динден экинчи динге өтүү жана бул жагдай жараткан айрым карама-каршылыктардан улам бул көрүнүшкө карата коомдо пикир ар кыл. Ага кесиптешим Мээрим Султангазы эл арасында жүргүзгөн төмөнкү сурамжылоо жакшы далил:

БАКЫТ:- Менин атым Бакыт. Азыр кээ бир жаш балдар, жигиттер ар кандай секталарга барышат. Көп секталардын терс жактары бар, бирок, айрымдарынын дурус жагы да бар. Кээ бирлери гипноз менен адамдарды азгырып, өз уюмдарына киргизип алып, кийин үй мүлкүн, байлыгынын баарын алып коюшат деп жүрүшөт. Мен аларды билбейм, түшүнбөйм жана ал жөнүндө айта албайм. Бирок, көп секталардын ойлору жакшы эмес жана адамга терс таасир берет деген ойдомун.

Карыя:- Кайдагы уюмдар келип алып элдин арасында башты айлантып, көрүнгөн жерде китеп таратып, акча беришет. Секта деген аты эле анын маанисин билдирип турбайбы. Кыргыздар «Бөлүнгөндү бөрү жейт» дейт. Ушул жалпы элдик турмуштан бөлүп алып, алдап, эптеп-септеп башын айлантып, жаштарыбыздын бөтөнчө кыздарыбыздын убалына калып атышат. Жаштарды ошондой секталардан сакташ керек.

МАЙРАМ: - Мен 34 жаштамын. Азыркы убакта Кыргызстанда ар кандай секталар пайда болуп жатат. Тааныштарыбыз кирип кетип жатканын деле көрүп жатабыз. Мисалы, менин бир кошунам бар, ал баптист болуп кеткен. Алар айт же болбосо ар кандай майрамдарды белгилеп майрамдашпайт. Менин оюмча адамдардын ушундай секталарга кирип кетишинин биринчи себеби жумушсуздук. Себеби, киргендерге секталар акча беришет экен. Акчага кызыгып эле кирип кетишет экен. Мисалы, Ош базарынын жанында баптистердин сектасы бар.Келгендерге 100 доллар берет экен деп уккам. Биринчи өзүң келет экенсиң, анан туугандарыңды, тааныштарыңды алып келишиң керек экен. Менин оюмча, ушундай жол менен эмес башка жол менен акча тапса деле болот .
АЙНУРА:- Мен 25 жаштамын. Мен мындайга каршы эмесмин, анткени азыркы мезгилде ким кайсы динге берилип кетет, ал адамдын жеке өзүнүн гана иши. Аны адам өзү тандайт да. Аларга бирөө жарым диний көз карштарын таңуулап жатат деп деле айта албайм.

Ал эми Бишкектеги православ чиркөөсүнүн кызматкери ар кандай максатты көздөгөн диний багыттардын аракетине мамлекет чек коюуга милдеттүү деген ойдо:

- Адам баласынын душмандары адамдар аркылуу ушундай иштерге барып жатат. Алар мусулмандар арасында да көбөйдү. Мындай агымдардан адам, анын үй-бүлөсү, элдер, мамлекеттер жана ишеним куурап жатат. Конституция боюнча дин кызматкерлеринин үймө-үй кыдыруусуна тыюу салынган. А алар эмне үчүн кыдырып жүрүшөт? Аларга ким уруксаат берди? Тартип коргоо органдары менен бийлик эмнени карап жатат? Мамлекет элди бөлүп-жарган ушундай көрүнүштөрдү токтотуусу керек.

Православ чиркөө кызматкеринин айтымында, бир сектага кирген аял күйөөсү менен балдарын таштап Америкага кетүүгө камданып жүрөт. Мурда мусулман динин туткан дагы бир кыргыз жигит ата-энесинен безип кеткендигин мисалга тартып, бул адам тагдырындагы оор кайгы экендигин белгиледи. Андан тышкары «Сан Мен Мун» сыяктуу уюмдар чет өлкөлүк жигитке күйөөгө чыгууга үндөгөн рекламалар аркылуу кыргыздын кыздарын ар кандай иштерге алып кетип жаткандыгына кабатырланды.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия төрагасы Өскөн Осмонов ар кандай багыттагы диний уюмдардын аракетине мамлекет тыюу сала албасын билдирди:

-Муну мамлекеттик орган жасай албайт. Аларды каттоого албай коюуга биздин укугубуз жок. Себеби, алардын документтеринде биздин коомдук түзүлүшкө каршы келген жагдайлар жок. Биринчи кезекте буга каршы коомчулук, адамдар өзү күрөшү керек. Мамлекет жасайт деген заман өттү. Ар бир этнос, ар бир мамлекет жана улут өзүнүн өнүгүшү жана сакталып калышы үчүн өзү кам көрүшү керек.

ДОСАЛИЕВА:- Анткен менен Кыргызстандын масштабында болбосо да айрым аймактарда ар кандай дин тутунган адамдар менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн карама-каршылыгы көкүрөк эзген кооптуу көрүнүш экендигин Ысыккөл, Нарын облустарында өткөн жылдары болгон окуялар айгинелейт. Анан да диний конфессиялардын материалдык байлыгына кызыгып, дин тандаган айрым адамдардын азыр Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга акыркы үмүт менен кайрылуулары келечекте бул көрүнүш өтө опурталдуу жагдай түзөөрүнөн кабар бергенсийт:

- Мындан 4-5 жыл мурун протестанттык багыттагы диний уюмдарга өткөн кыргыздар бизге даттанып келип жаткан учурлар бар. Алар «адегенде чын эле бизге жардам берип, уй, кой алдык эле, турмушубузду оңдоп алдык эле. Азыр кирешебиздин ондон бир бөлүгүн төлөгөндө кайра жакырлана баштадык» дешет. Булар адегенде адамдарды алдап, өз динине тартып алат экен да, андан кийин жетекчилери мүчөлөрүнүн эсебинен материалдык байлык топтоого, мүчөлүк акыны көбүрөөк алганга аракет кылышат экен. Адегенде алданып кирип алып, андан кийин өмүр бою кирешесин бөлүшүп, карыз болуп, андан чыгуунун жолун издеп бизге келип жатышат.

Урматтуу угармандар, сиздер «Коом жана турмуш» аттуу маалымат- аналитикалык түрмөгүбүздүн кезектеги санын уктуңуздар. Бүгүнкү уктуруу «Кыргызстанда ар түрдүү диндердин кагылышы мүмкүнбү?» деген темага арналды.
XS
SM
MD
LG