Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

Кубат Оторбаев, Прага Бейшембиде Түндүк Кореянын бийликтери атом бомбасы бар экендигин биринчи жолу ырасмий билдирди. Ошол эле маалда Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк куралдар боюнча программасынын айланасындагы сүйлөшүүлөргө мындан ары катышпай тургандыгын да жарыялады. Ал билдирүүдө Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буштун жүргүзүп жаткан саясаты Пхеньянды ушундай кадамга барууга түрткөнү да айтылган.

Көңкү дүйнөнүн көңүлү Ирандын ядролук программасына, Ирактагы согушка бурулуп жаткан шартта Түндүк Корея эстен чыккандай болуп калган. Ошондой маалда бейшемби күнү Пхеньян өзөктүк куралы бар экендигин биринчи жолу ырасмий билдирди.

Түндүк Кореянын бийликтери өлкөнүн ядролук программасы боюнча буга чейин жүргүзүлүп келаткан көп тараптуу сүйлөшүүлөргө да мындан ары катышпай тургандыгын да жарыялады.

2003-жылы башталган ал сүйлөшүүлөргө Жапония, Түштүк Корея, Орусия, Кытай, Кошмо Штаттары жана Түндүк Кореянын өзү катышып келген. Вашингтон буга чейин Түндүк Кореядан өзөктүк курал жасоо иштерин токтотууну далай ирет талап кылган.

Кеңсеси Германияда жайгашкан Азия институтунун кызматкери Патрик Көлнер ал сүйлөшүүлөр жакшы жыйынтык бергидей үмүт жаралып калган эле дейт:

– Сүйлөшүүлөр айрым маселелердин башын ачып калгандай болгон, атап айтканда коопсуздукка кепилдик берүү, дипломатиялык мамилени калыбына келтирүү, экономикалык жактан жардам көрсөтүү өңдүү жагдайларга көңүл бурулуп жаткан. Башкача айтканда, иштин маңызы улам-улам дааналана баштаган.

Эми ошол үмүт отуна суу себилди. Буга чейин Түндүк Кореянын бийликтери ядролук куралы бар экендигин кыйытып келсе дагы эч убакта бейшембидегидей ачык айтышкан эмес эле. Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө ядролук курал өлкөнү коргоо максатында жасалганы айтылат. Бул кабар мамлекеттик телеканалдан берилди:

– Биз өзөктүк куралдарды таркатпоо тууралуу келишимден чыгууну жана Буштун администрациясынын Корея элдик демократиялык республикасын жекелеп, жок кылууга багытталган саясатынан коргоону максатында ядролук курал жасоону чечтик, - деп диктор бийликтин позициясын билдирди.

Бул окуя Кытай үчүн артына урулган бычактай эле оор болду. Анткени дал ушул Кытай акыркы 2 жылда Түндүк Кореяны эпке келтирүүгө аракет кылып, кеп-сөзгө чакырып турган болчу.

Кеңсеси Улуу Британияда жайгашкан Лидс университетинин башкы аналитиги Эйдан Фостер-Картер Кытай өзүнүн күчүн ашыкча баалап койгону анык болду деген ойдо:

– Кытайдын бул окуяга кандай мамиле кылаарын билиш өтө кызык болуп атат. Мен дайыма Кытайдын Түндүк Корея менен жана анын лидери Ким Чен Ир менен жүргүзгөн оюндарынан кайсы бир күнү Кытайдын өзү тажайт деп ойлогон элем.

Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Ирандын маселеси Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде каралышы ыктымал экендигин ушул аптада айткан. Эми Вашингтондун Түндүк Кореяга карата катаал чараларды көрүү боюнча демилгесине Орусия менен Кытай кандай караары да кызык болуп турат:

Пхеньянды мындай кадамга барууга эмне түрткөнү белгисиз. Талдоочулар Түндүк Кореянын ядролук курал жасоочу материалдарды тышка сатканы билине баштаганда алдын-ала тал кармап жатышы ыктымал дешет.

Өткөн жылы Ливия өзүнүн өзөктүк куралды жасоо боюнча программасынан баш тартып, байытылган урандарын Кошмо Штаттарына өткөрүп берген болчу. Иликтөөлөр ал уран Пакистандан чыккан болушу ыктымал деген божомолду жараткан. Бирок "Нью-Йорк Таймс" гезити жакында Ак үйдүн бир чиновнигине шилтеме берип, атом энергиясы боюнча эларалык агенттик – МАГАТЭнин иликтөөлөрү Ливияга уран Түндүк Кореядан келгендигин көргөзгөн айныксыз далилдер бар экендигин жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG