Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:55

КАЗАКСТАНДА ЭКСТРЕМИЗМГЕ КАРШЫ МЫЙЗАМ КАБЫЛ АЛЫНДЫ


Казакстандын парламенти ушул аптада диний -экстремисттик делген уюмдардын ишин чектөөнү көздөгөн мыйзам кабыл алды. Мыйзамдын камтый турган чөйрөсү кеңири – саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар, диний топтор ал турсун маалымат каражаттары да экстремизмдин булагы ирээтинде каралып калышы мүмкүн. Укук коргоочулар болсо өкмөт мыйзамды өз каршылаштарын куугунтуктоо үчүн колдонот деп кооптонушат.

Мыйзам толук күчүнө кириш үчүн эми ага президент Нурсултан Назарбаев кол коюушу керек. Казак парламенти жактырган документ экстремисттик делген уюмдардын, алардын мүчөлөрүнүн ырасмий тизмесин түзүүнү сунуш кылат. Ал ошондой эле башкалаа Астананын сотторуна тигил же бул топту экстремисттик уюм деп табууга укук берет.

Ага катар өлкөнүн тартип коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын экстремисттик аракеттери үчүн шектелген уюмдардын ишине байкоо салуу жаатындагы укуктарын кеңейтет.

Буга байланыштуу адам укуктарын коргоочу жергиликтүү уюмдар катуу тынчызданып жатышат. Себеби экстремизм деген түшүнктүн так аныктамсы жок болгондуктан, мыйзам оппозицияны куугунтуктоо максатында колдонулушу мүмкүн.

Казак парламентинин депутаты Серик Абдырахманов "Азаттык" радиосуна берген интервьюсунда экстремисттик топторго мындай аныктама берди:

-Мыйзамдуу шайланган бийликти жоюуга чакырган уюмдардын баары экстремисттик деп табылышы керек. Ошондой эле улут аралык араздашууну жараткандар да.

Адам укуктары боюнча Эл аралык Хельсинки федерациясынын мүчөсү, Алматыдагы Хельсинки комитетинин башчысы Нинель Фокинанын айтымында, кокус мыйзам күчүнө кирсе Казакстандын атуулдук коомунун, көз карандысыз маалымат каражаттарынын да өкмөттүн көзөмөлүндө калуу коркунучу бар:

-Мыйзам иш жүзүндө цензураны киргизет. Себеби мыйзам боюнча мамлекеттик органдарга антиконституциялык деп аталган материлдардын жарыяланышына жол бербөө үчүн баардык басылмаларга, электрондук басылмаларга байкоо салууга көрсөтмө берилет. Иш жүзүндө мыйзам орто кылымдык. Бул көп каршылыктарды жаратты.

Нинель Фокина белгилегендей, жакында өлкөдөгү негизги оппозициячыл партиянын жабылышы өкмөт антиконституциялык деген жүйөөнү өз атаандаштарына каршы колдонгонунун мисалы.

Казакстандын Демократиялык тандоосу партиясы жогорку бийлик өкүлдөрүнүн, анын ичинде президент Нурсултан Назарбаевдин дарегине коррупцияга байланышкан айыптоолорду такай айтып жүргөн. Партияны жабууда Казакстандын соту Башкы прокуратуранын ал элди көчөгө, нааразылык акцияларына чыгууга чакыруу менен коопсуздук мыйзамдарын бузган деген жүйөөсүн пайдаланды.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын өкүлү Андрей Кравченконун айтымында, "Хизбут-Тахрир" сыяктуу уюмдар жаңы мыйзамга ылайык келечекте экстремисттик топтордун тизмесине киргизилчидей:

-Эгер мыйзам жактырылса, "Хизбут-Тахрир" сыяктуу уюмдардын баарына Казакстандын аймагында тыюу салынат.

Коңшу Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстандан айрымаланып, азырынча Казакстанда "Хизбут-Тахрирге" ырасмий тыюу салына элек. Бирок президент Назарбаев жакында бул уюм Казакстанда да активдешип жатканын айтып, ага каршы чараны күчөтүүгө чакырган болчу.

Алматы Хельсинки комитетинин башчысы Нинель Фокинанын айтымында, Казакстанда чын эле мындай кампания башталды. Жакында Чымкентте "Хизбут –Тахрирдин" Вадим Берестов аттуу мүчөсү бир жылга кесилген. Анын мүчөлөрү 15-20 жылга чейин соттолгон Өзбекстанга салыштырганда, бул - жеңил жаза. Анткен менен жаңы кабыл алынган мыйзам күчүнө кирсе, казак соттору да хизбут-тахрирчилерге карата жазаны катаалдантары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG