Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Багдад шаарындагы полиция түйүнүнө чабуул жасалды


Ирактын утурумдук премьер-министри Айяд Аллави кечээ күнү Арбил шаарында өлкө күрддөрүнүн жетекчиси Масуд Барзани менен жолугуп, Ирактын келечеги тууралуу сүйлөшүү өткөрдү. 30-январда болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгарыла элек, бирок анда шийилер жеңип чыкканы анык. "Добуштар саналып бүткөндөн кийин, жаңы өкмөт түзүү боюнча бардык саясий күчтөр ортосунда мунаса табылыш керек экени тууралуу жана кийинки аракеттердин баарында дагы мунаса болуш керек деп макулдаштык", - деп билдирди Аллави жолугушуудан кийин. Кечээ күнү болсо Багдад шаарынын түштүгүндөгү бир полиция түйүнүн согушкерлер басып алды жана кагылышуу учурунда алты полициячы өлүп, дагы сегизи жараат алды. Америкалык тик учмалар имаратка ракета атууга мажбур болду. Шаардын башка бир аймагында бомба жарылгандан эки адам өлүп, дагы эки киши жараат алды.

Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG