Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Францияда НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны болуп өттү


Франциянын Ницца шаарында болуп өткөн НАТОнун жыйынында уюмдун коргоо министрлери Ооганстандагы аракеттерди кеңейтүү тууралуу макулдашты. Анткен менен Франциянын коргоо министри Мишель Альо-Маринин айтымында, пикирлер ар башка: "Уюмдун аракеттерин өлкөнүн түштүк аймактарына кеңейтүүнү кээ бир саясатчылар мүмкүн болушунча ылдам башташ керек дейт, бирок айрымдар ага токтоо мамиле кылууда".Ооганстанда учурда НАТОнун сегиз жарым миң аскери бар жана алар негизинен борбор калаа Кабул шаары менен кээ бир түнтүк аймактарда жайгашкан.

XS
SM
MD
LG