Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

Ирандын өзөктүк изилдөөлөрү айланасындагы маселе улам күчөп баратат


Европа Биримдигине учурда төрагалык кылган Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Ассельборн Иран жетекчилигине кайрылып, өзөктүк изилдөөлөрдү улантуу боюнча аны оюн ойнобоого чакырды. Анын алдында АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Европа жетекчилерине кайрылып, Иранга карата мамиле өтө жумшак болбош керек деп билдирген. Кечээ күнү болсо Иран президенти Мухамад Хатами атайын билдирүү жасап, кимде ким Иранга кол салам десе, ал катуу сокку жейт деп айткан: "Иран эли согуш каалабайт, кандай болбосун кагылышуу же башка күч колдонууну ал каалабайт. Бирок дүйнө билиш керек, Иран ага каршы эч кандай агрессияга дагы жол бербейт".Европа мамлекеттери менен өтүп жаткан сүйлөшүүгө Иран тараптан катышкан Хусейн Мусавяндын айтымында болсо, өлкөнүн өзөктүк изилдөөлөрү боюнча келишим түзүү мүмкүнчүлүгү дагы бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG