Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

“ХИЗБУ-Т-ТАХРИРДИН” МҮЧӨСҮ КЫРГЫЗСТАНДА ШАЙЛООГО КАТЫШПООГО ҮНДӨГӨНҮ ҮЧҮН КАМАККА АЛЫНДЫ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Прага шаары Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыйуу салынган Хизбу-т-Тахрир диний уюмунун өкүлү Улукбек Рузиевдин туугандары ушул апта башында Ош шаарында митинг өткөрүшүп, “элди алдыдагы парламенттик шайлоого катышпоого үндөгөн баракчаларды сактаган” деп камакка алынган тууганын эркиндикке чыгарууну талап кылышты. Хизбу-т-Тахрирдин мүчөлөрү 27-февралда өтүүчү парламенттик шайлоого катышпай тургандыктарын айтышты.

Хизбу-т-Тахрир диний уюмунун мүчөлөрүнүн митинги Ош шаарынын администрациясынын жана прокуратурасынын мекемелери алдында өттү. Алар уюмдун дагы бир мүчөсү Улукбек Рузиевди камактан бошотууну талап кылышты.

Дилйор Жумабаев (Жумабоев) да ишмердүүлүгүнө тыйуу салынган Хизбу-т-Тахрир уюмунун мүчөсү. Ал да бул митинкке катышты. Анын айтымында, Рузиев менен кошо дагы 25 адам жума күнү Рузиевдин үйүндө кармалган.

Укук коргоо органдары анын үйүнөн 2000дей баракчаны таап, аны “экстремисттик мүнөздө жана конституциялык нормаларга каршы келет” деп таанышты, ал эми үйдүн ээси менен кошо анын конокторун баарын камап коюшту.

Жумабоевдин айтышына караганда, бир күндөн кийин Рузиевден башкалары баары бошотулушкан. Ошондуктан аны чыгаруу максатында Хизбу-т-Тахрирдин 60ка жакын мүчөсү дүйшөмбүдөн бери нааразылык акциясын өткөрүп жатат.

Рузиевдин үйүнөн табылган баракчалардын сыртында “Парламенттик шайлоолорго шарият мыйзамдарына ылайык катышуунун жол-жоболору” деп жазылыптыр. Бул кагаз алгач Хизбу-т-Тахрирдин Йемендеги филиалы тарабынан ал жерде парламенттик шайлоолор алдында, эгерде талапкерлер коюлган жети талапка жооп беришпесе, анда шайлоого бойкот жарыялоо керек деген максатта пайда болгон.

Жумабоев ошол жети талаптын маани-маңызын төмөнкүчө түшүндүрүп берди.

- Талапкер, эң ириде, Батыштын капиталисттик системасынан баш тартып, каапырлардын, же Аллага ишенбегендердин, баалуулуктарынан баш тартышы керек. Экинчиден, ал каапырлардын системасынын оордуна, мусулмандардыкын орнотом дем ачык сөз бериши лаазым. Үчүнчүдөн, алар өз программаларын Алладан жиберилген ыйык Куран китебинин жана жолдоочуларынын айткандарынын негизинде түзүүгө тийиш. Төртүнчүдөн, алар парламент Исламды жайылтуу трибунасы болоорун ачыктан-ачык жарыя кылышы зарыл. Андан ары, бешинчиден, алар каапырлардан өздөрүн ажыратып, алтынчыдан, алар башчылык кызматта иштебей, жетинчиден, жогоруда айтылгандарды эл ичинде үгүттөйм деп программасында көрсөтүшү керек .

Кыргызстандагы КООРТ сыналгы каналы аталган баракчаларга карата ырасмий бийликтин мамилеси тууралуу кабарлады. Дүйшөмбүдө Улуттук коопсуздук кызматынын Оштогу бөлүмүн жетектеген Болот Жээнбаев “Хизбу-т-Тахрирдин бул өңдүү басылмалары саясий максатта исламдын бурмаланган түрүн үгүттөп, элди буга моюн сунууга чакыраарын, аны менен экстремисттик динди жайылтып, антиконституциялык аракеттери менен демократиялык жолдон адаштыра тургандыгын” айткан.

Москвадагы адам укуктары боюнча Мемориал борборунун өкүлү Виталий Пономарев көптөн бери бул маселенин үстүндө иштеп келатат. Анын айтымында, Хизбу-т-Тахрирчилер Кыргызстанда февралдын жыйырма жетисинде өтүүчү парламенттик шайлоого мурдатан эле катышпоо керектигин айтып келатышат. “Бул – уюм өкүлдөрүнүн шайлоого карата негизги позициясы” дейт Пономарев мырза.

- Мага белгилүү бааларга ылайык, Хизбу-т-Тахрирге мүчө адамдардын саны азыр 3миңден 7 миңге жакын адамды түзөт. Бирок баракчаларда айтылгандар мындан да көп сандагы адамдарга таасир бериши мүмкүн, андыктан алардын саны дагы өсүшү ыктымал. Бирок, баары бир, алар, өлкөнүн түштүк тарабын алганда деле, Кыргызстанда өтүүчү парламенттик шайлоолорго чоң таасир берет деп ойлобойм.

Хизбу-т-Тахрир – же Боштондук партиясы – Борбордук Азиянын Фергана өрөөнүндө мусулман мамлекетин, халифатты, курууга умтулган партия катары жакшы таанымал. Фергана өрөөнү өзүнө Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын бөлүктөрүн алат.

Кыргызстандын Жогорку соту 2003-жылы аталган партиянын ишмердүүлүгүнө тыйуу салган.
XS
SM
MD
LG