Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

ТҮНДҮК КОРЕЯ: ОРМОН-ОПУЗАНЫН АРТЫНДА ЧЫНДЫК БАР


Баян Жумакадыр кызы, Прага 10-февралда Түндүк Корея ядролук куралга ээ экенин жарыялап, өлкөнүн ядролук прогарммасы боюнча жүрүп жаткан алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү бойкоттой турганын билдирген. Коммунисттик режимдин мындай билдирүүсү дүйнө коомчулугунда терең тынчсызданууларды пайда кылды. Улуттар уюму жана бир катар мамлекеттер Пхеньянды сүйлөшүү стөлүнө кайтууга үндөштү.

Германиянын канцлери Герхард Шрөдер дүйнө коомчулугу Пхеньянды эпке келтирүүгө милдеттүү экенин баса белгиледи:

- Батыш Түндүк Кореянын ядролук программасы боюнча жүрүп жаткан алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү алгалатууга тийиш. Ошону менен бирге эле баарыбыз Түндүк Корея биринчи кезекте өз эли үчүн жана бүткүл дүйнөнүн бейкуттугу үчүн жоопкерчиликти мойнуна алып жатканын билип турат деп үмүттөнөбүз.

Түндүк Кореяны кыргын салуучу курал жасоо пландарынан баш тартып, Ядролук Куралдарды Таркатпоо боюнча Жалпы Келишимге кайра кошулууга көндүрүү максатын көздөгөн сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.
Соодалашуудан натыйжа чыкпаганын көргөн Вашингтон Пхеньян эки ортодон уткан убакытты ядролук технология жаатында алга арымдоо үчүн пайдаланууда деп эсептейт:

- Сүйлөшүүлөрдүн создугуп кетиши- бизге каршы жасалган жүрүш. Соодалашуудан эмне үчүн майнап чыкпай жатканын Түндүк Корея ядролук программасын алга жылдырып жатканы менен гана түшүндүрө алам,- деп айткан Пхеньяндын билдирүүсүнөн бир нече эле саат мурда Токиодо сүйлөгөн сөзүндө АКШнын тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкери Жон Болтон.

Болтондун айтымында, эң опуртал жагы - Түндүк Корея кошуна өлкөлөргө эле коркунуч жаратпастан, ядролук технология менен ядролук куралдардын бөлчөктөрүн башка өлкөлөргө, маселен, Ливия сыяктуу режимдерге сатышы мүмкүн.

Түндүк Кореянын билдирүүсү чындыкка канчалык төп келерин эч ким так айта албайт. Айрым эксперттер Пхеньянда 10 чакты ядролук дүрмөт бар болуусу мүмкүн экенин, бирок аларды бутага жеткире ала турган ракеталарды жасап чыгарганга Түндүк Корея али жетише электигин божомолдошот.

МАГАТЭнин өкүлү Марк Гвоздецкий биздин радиого берген маалыматында буларды айтты:

- Биз аларда ядролук курал чыгарганга зарыл чийки материал бар экенин гана ишенимдүү тастыктай алабыз. Түндүк корейлер күйүп бүткөн ядролук отундун материалынан плутоний бөлүп алууга кудуреттүү.

Ошону менен бирге эле эксперт МАГАТЭнин адистери Түндүк Кореянын ядролук обьекттерине эки жылдан бери бара электигин, ошон үчүн Пхеньяндын соңку билдирүүсү чындыкка канчалык туура келерин так айта албасын кошумчалады.

Дүйнө өлкөлөрүнүн бир бөлүгү Түндүк Кореянын соңку билдирүүсүн саясий упай алууну көздөгөн ормон-опуза катары кабыл алды. Айрым байкоочулар билдирүүнүн убактысы да, анын мазмуну да алгач караганда эле капилет жасалган кадамдай туйулушу мүмкүн деп айтышат.

Пхеньян адегенде экинчи мөөнөткө президент болуп шайланган Буштун эмне деерин күткөн. Буш 2002-жылы Конргессте сүйлөгөн сөзүндө Түндүк Кореяны Ирак жана Иран менен катар "балакеттин үчилтиги" деп атаган болучу. "Франкфуртер Рундшау" гезити Буштун ал сөзүнөн эки жыл өткөндөн кийин Ирак демократиянын "таштак жолунда ташыркап баратканын", ал "аралык терроризмдин сүрөнчүсү" деп аталган Иран болсо Американын опузасына үстөккө-босток кабылып отурганын жазат.

Түндүк Корея жөнүндө болсо Буш мындай деген:
Америка Азия өлкөлөрү менен бирдикте Пхеньянды атомдук амбицияларынан айнытууга аракеттенип жатат.

Аналитиктердин пикиринде, муну уккан Түндүк Корея алты тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү позициясын жакшырткысы келип, сүйлөшүүдөгү партнерлорун опузалай баштады.

Австралиянын премьер-министри Пхеньяндын билдирүүсүндө желопузанын элементтери бар экенин белгилеп, ошону менен бирге эле түзүлгөн акыбалды этибарга албай койуу жарабай турганын айтты.

- Арийне билдирүүдө желооз опуза, аша чапкандык жок эмес. Ядролук технологияда ири жетишкендиктери бар болгон күнү да, Пхеньян аларды ого эле көбүртүп-жабыртып көрсөтүүдө. Бирок бул кыйла коркунучтуу жагдай. Бул проблеманы этибарга албай койууга болбойт, ал сабырдуу, иш билги мамилени талап кылат,- деп айтты Жон Ховард.
XS
SM
MD
LG