Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

Филипиндеги кагылышуудан жүзгө жакын адам мерт болду


ХОЛО. Бүгүн Филипин армиясынын чоң тобу өлкөнүн түштүгүндөгү Холо деп аталган аралга жөнөтүлдү. Ал жерде беш күндөн бери өкмөттүк аскерлер менен Моро улуттук боштондук кыймылынын козголоңчуларынын ортосунда кандуу кармаш жүрүп жатат. Маалыматтарга караганда кагылышуудан өкмөттүн 30 жоокери жана алтымыштай козголоңчу мерт болду. Дагы 2500дөй тургун там-ташын таштап, башка жактарга ооп кетишти. Филипин негизинен христиан өлкөсү болуп эсептелет, ошентсе да анын түштүк облустарында мусулмандар көп жашайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG