Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

АКШдан Украинага делегация келди


КИЕВ. Кошмо Штаттарынын конгрессинин делегациясы президент Виктор Ющенко менен жана башка чиновниктери менен сүйлөшүү өткөрүү максатында Киевге келишти. Сенаторлордун арасында Грузин президенти Михаил Саакашвили менен Украин президенти Виктор Ющенкону Нобель сыйлыгына көргөзгөн Жон Маккейн менен Хиллари Клинтон да бар. Жолугушууларда АКШ менен Украинанын ортосундагы мамилелерди жакшыртуунун жолдору, Украинанын Евробиримдикке кошулуусунун келечеги талкууланат. Кошмо Штаттары Украинада өткөн президенттик шайлоону Ющенконун жеңип чыгышын кубаттоого алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG