Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:08
БАГДАД. Кошмо Штаттарынын коргоо министри Дональд Рамсфельд бүгүн капысынан эле Иракка келди. Министрдин өкүлү Ларри ди Ританын айтымында Рамсфельддин сапары Ирактагы шайлоо чоң ийгилик менен өткөнүнө ыраазычылык көргөзүү ишарасында жасалып отурат. Дональд Рамсфельд өз сапарынын алкагында өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Мосул шаарында болуп, америкалык аскерлердин ал-абалын сурады:

– Экстремисттер ирактыктарга Америка баштаган коалициоянын күчтөрүнүн маанай чөгүп, күчтөн тайды, мурдагыдай ышкы-ынтаасын жоготту деп айтып келишти эле. Алар Американы коркутуп, тизе бүктүрөбүз деп ойлошкон. Сиздерге ырахмат, эми менимче, экстремисттер жаңылганын жакшы түшүнүп калышты.

Министр Мосулдан кийин Багдадка барып, Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн даярдыгы менен таанышты. Коопсуздук чараларынан улам Рамсфельддин Иракка бараары алдын-ала жарыяланган эмес. Ошентип ал 30-январдагы шайлоодон кийин Ирак жергесине биринчи буту тийген америкалык жогорку даражалуу чиновник болуп калды.

Ал арада Иракта кандуу калабалар дале уланып жатат. Атап айтканда Багдадда автомашина жардырылып, 13 адамдын өмүрү кыйылды. Полициянын маалыматына караганда мындан тышкары бүгүн эртең менен козголоңчулар нандын кезегинде турган элге ок ачып, андан 9 адам мерт кеткен. Ошентип бир эле күндө жыйырмадан ашык, кечээ болсо 50дөй ирактар каза табышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG