Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:18

Сот талапкерди шайлоодон четтеткен жок


БИШКЕК. 11-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту №5 Юнусалиев шайлоо округундагы шайлоочу Татьяна Стрельникованын Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, аталган округ боюнча депутаттыкка талапкер Оксана Малеваннаяны талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча арызын канааттандырган жок. Шайлоочу арызында Оксана Малеваннаянын паспортунда 2002-жылдын августунан 2005-жылдын январь айына чейин каттоосу жок болгондуктан, анын шайлоого катышуусу Шайлоо Кодексининин 69-беренесине карама-каршы келет деп тизмеден чыгарууну талап кылган. Сотко чейин Оксана Малеванная “АКИ-пресс” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Борбордук Шайлоо комиссиясы анын өлкөдө тургандыгын аныктаган фактылар болсо аны тизмеден чыгарууга негиз жок деген тыянакка келгендигин, бирок, округдук комиссия Бишкекте жашагандыгын аныктаган каттоосу жок деген негизде шайлоочунун арызы сот аркылуу чечилээрин билдиргендигин кабарлаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG