Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:03

ГЕРМАНИЯ: МЫЯТКЕРЛИКТЕН ЧЫККАН ЧАТАК


Бейшемби күнү эл аралык бизнес чөйрөсүндө кадыр барктуу “The Wall Street Journal” гезити жана Германиянын абройлуу “Welt“ басылмасы немец саясатчылары арасындагы мыяткерлик же лоббизм жөнүндө жазып чыгышты. Өкмөттө жана парламентте өз кызыкчылыгын коргоо үчүн ири корпорациялардын саясатчыларга маяна төлөөсү Батышта жаңы көрүнүш эмес. Бирок, бул окуя мыяткерчиликти бир нукка салган мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча узактан айтылып келаткан проблеманы коомчулук алдында кайра койду.

Европа өлкөлөрүнүн жалпы экономикалык мейкиндикке биригүүсү жана глобализациянын таскагы астында акыркы жылдары мыяткерлик контитентте кеңири жайылган көрүшкө айланды. Ири ишкана-корпорациялар мыяткерлик боюнча тийиштүү жол-жоболордун жоктугунан пайдаланышып, өз кызыкчылыктарын тартынбай коргошот.

Айрым эксперттердин эсебинде, Евробримдиктин башордосу жайгашкан Брюсселде азыр 15 миңдей мыятчы бар. Акыркы жумаларда Германиянын эң чоң эки партиясынын мүчөлөрү ишканалардан он миңдеген евро ныпа алышканы ашкере болуп, кызматтан өз ыктыяры менен кетүүгө аргасыз болушту.

Ошол чуулгандуу окуялар тууралуу сурап, “Азаттыктын” Берлиндеги кабарчысы Юрий Векслерге кайрылганымда:

- Мыяткерчиликти аябай ашкерелеген чатак- Германиянын Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү элчиликтеринин виза берүүдөгү марттыгына байланышкан. Бул иш өзүнө 2000-жылдан тартып, дээрлик 2004-жылга чейинки аралыкты камтыйт. Ага Жашылдар партиясынын таанымал мүчөсү Фольмер аралашкан. Фольмер бул өнөктүктүн башында Тышкы иштер министрлигинде Мамлекеттик катчы болгон. Ал өзүнө караштуу фирма килейген киреше тапсын деп, бийлик укугун пайдаланып, элчиликтерге кысым жасаган. Андан өзү да олчойгон пайда көргөнүн тастыктаган маалыматтар айкын болду. Эми анын саясый карьерасы ойрон болору шексиз.

Германиянын Deutsche Telekom AG, DaimlerChrysler AG, программалык камсыздоо жаатында иштеген SAP AG ширкеттеринин мыяткерлери Берлиндин тарыхый бөлүгүндө конференц-залы, кафе-барлары, эс алуу жайлары бар кооз имараттарды ээлейт.Ал жерде мыяткерлер ири фирмалардын жетекчи-менеджерлери, акционерлери жана саясатчылар менен коомчулуктан далдада кездешет.

Мисалы, Bertelsmann AG компаниясы 19 – кылымда курулган имаратты көркүнө жеткирүү үчүн миллиондогон доллар сарптаган. Чет өлкөлүк Vodafone PLC and Coca-Cola жана башка атактуу компаниялардын да өкүлчүлүгү мыкты офистерге жайгашкан.

“The Wall Street Journal” гезити баамдагандай, германиялык саясатчылардын калыптанып калган эрежелерди одоно бузуусу компаниялардын саясатчыларды колдонуу ыкмасына коомчулуктун көңүлүн бурду. Бирок, көпчүлүк компаниялар маселени ачык талкуулоонун ордуна мыяткерчилик аракетин жаап-жашырууда. Анын себебин, Германиянын коомчулук менен кызматташуу коомунун төрагасы Юрген Питзер “жоболордун эскиргени, бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей калганы” менен түшүндүрөт. “Ар бир мыятчы өз кирешесин банктардын аналитиктери сыяктуу ачык жарыялаш керек”.

Ишкерчиликти изилдеген Corporate Europe Observatory борбору саясатчылар негизги киреше булактарынан башка жактардан алган ныпаларын жаап-жашырбоосу үчүн Кошмо Штаттардын тажрыйбасын колдоого алуу зарыл деп санайт. АКШда ар бир мыяткер-лоббист кайсы фирмага иштегенин, канча айлык алганын жана өзүнүн бийлик адамдары менен болгон байланышын жашырбаш керек.

Германиялык саясатчылар арасындагы мыяткерчиликке карабай, эл аралык изилдөөлөргө караганда, өлкөдө коррупция дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө, анын ичинде мурдакы советтик республикаларга салыштырганда аз. “Азаттыктын” узак жылдардан бери Берлинде иштеген” кабарчысы Юрий Векслердин сөзүнчө:

- Албетте, Германияда мыяткерчилик бар. Бирок, коррупция кеңири жайылган көрүнүш эмес.
XS
SM
MD
LG