Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Кыргызстан Элдик кыймылынын штабы билдирүү таратты


БИШКЕК. Чүй облусундагы №57 Кемин шайлоо округунда шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө одоно мыйзам бузуулар орун алууда. Бул округда жогорку бийликтин, тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү мыйзам бузуулар менен айрым талапкерлерди колдоо боюнча үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. Мындай билдирүүнү 12-февралда Кыргызстан Элдик кыймылынын штабы таратты. Билдирүүдө №57 Кемин округунда шайлоочуларга тигил же бул талапкерге гана добуш бересиңер деген кысымдар көрсөтүлүүдө деп айтылган. Элдик кыймыл ырастаганга караганда, аталган округдагы айрым айылдарда бийликтин мындай мамилесинен улам эл ичинде нааразылыктар пайда болууда.

XS
SM
MD
LG