Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Абхазиянын жаңы президенти ант берди


Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Абхазия республикасынын баш калаасы Сухумиде бүгүн январда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Сергей Багапш ант берди.
Багапш республиканын Конституциясына колун коюп, абхаз жана орус тилдеринде эл алдында ачык болууга жана ак-ниеттүүлүк менен иштөөгө ант берди. Ал эми Борборшайлоокомдун төрагасы Батал Тапагуа Багапшка президенттин күбөлүгүн тапшырды.
Жума күнү Багапш алдыдагы пландары тууралуу биринчи эле жардыгы менен республиканын өкмөтүн таркатаарын жана жаңы өкмөттү эки жуманын ичинде кайра кураарын айткан. Ал министрлер кабинетинин күч структуралары өзгөчө өзгөрүүлөргө кабылаарын билдирген.

XS
SM
MD
LG