Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32

Мюнхенде өтүп жаткан коопсуздук саясаты боюнча эл аралык кезектеги жылдык конференцияга Кошмо Штаттарынын коргоо министри Доналд Рамсфелд катышып жатат. Ушул эле жерде, 2003-жылы Пентагондун башчысы Иракка байланыштуу тутанган талаш-тартыштардан улам Германия менен Францияны кескин сынга алып, аларды “эски европалыктар” деп атаган эле. Ошондон кийин эски достордун арасы салкындап кеткен болчу. Бул жолу Рамсфелд өткөндөгү өтө кеткен кеби үчүн кечирим сурагандай болду.

Доналд Рамсфелд НАТОлук жоон топ генералдар алдында Ирактагы кайра куруу иштерине Берлин чоң кол кабыш кылып жатканын белгиледи.

”Жакында Германияга жана Францияга барышым мүмкүн деп айтсам,көбү буга таң калды, - деп айтты Рамсфелд Мюнхендеги пресс-конференцияда, - Буга биртке ойлоно түштүм да, анан: “Өткөндөгү сөздөрдү эски Рамсфелд айткан эле” деп кошумчаладым”.

Ал ошондой эле Ирактын айынан келип чыккан айрым карама-каршылыктар азыр деле бар экенин моюнга алды.

“Бирок мындай иштер эбаккы достор үчүн жаңылык эмес”, - деп ырастады Рамсфелд. Кээде кайсы бир чечимдерди НАТОнун бүтүмүн күтүп отурбастан ыкчам жана чукул арада кабыл алганга туура келет. Ирактагы операцияны Рамсфелд ушундай мүнөздөгү иш болгон дегендей кыяз кылды.

Буга байланыштуу Германиянын коргоо министри Петер Штрук Түндүк Атлантикалык альянстын ишин жаңы талаптарга ылайык кайра куруп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуш кылды. Бу комиссия, анын айтымында, доклад даярдап,аны келерки жылы НАТОнун жана Евросоюздун мүчөлөрүнө берүүгө тийиш.

Бирок бул сунушту Пентагондун башчысы колдогон жок. Ал эми альянстын баш катчысы Яап де Хооп Схеффер НАТО кеңейип, чыңдалып баратканын белгиледи. Эгер Израиль менен Палестин автономиясы өтүнсө, Схеффердин айтымында, НАТО регионго өз күчтөрүн жөнөткөнгө даяр турушу керек.

Рамсфелд Мюнхенде мурда зулумдар башкарып, террористтер машыгып келген Ооганстанга жана Иракта демократия куруу ишине көп өлкөлөрдүн көмөгү талап кылына тургандыгын белгиледи. Мюнхенге ал Ирактан келген эле.

Иракта болсо ишемби күнү козголоңчулар уюштурган кыянаттарда бери эле дегенде он жети киши мерт болду.
XS
SM
MD
LG