Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

КАЗАК ӨНӨРПОЗДОРУ АМЕРИКАДА


Казакстандын Курмангазы атындагы элдик оркестри жана Казак Мамлекеттик Камералык оркестри өткөн аптада Вашингтондо жана Нью-Йоркто атактуу концерт залдарында оюн коюшту. Камералык оркестрде 3 жарым миллион доллардык Страдиваринин скрипкасы да үн кошту, бирок казактардын актаруусундагы Батыштык классикалык музыкасына караганда казактын нукура элдик ыр-күүлөрү чоң кызыгууну жаратты.

“Казак далаларынын ыр-күүлөрү" деген программа казактардын элдик музыкасынын Кошмо Штаттарындагы сейрек болуучу ири концерттеринин бири болуп калды.

Казак өкмөтүнүн атайын өкүлү, мурдагы маданият министри Дуйсен Касеинов казак артисттерин Вашингтондогу Кеннеди борборуна жана Нью-Йорктогу Каргени залына алып келүүгө эки жыл эмгек жумшалганын билдирди.

Касеиновдун сөзү боюнча, концерттердин максаты америка элине Казакстан жалаң эле карамайдын өлкөсү эмес экендигин көрсөтүү болду:

- Албетте бул программа президент Нурсултан Назарбаевдин колдоосу менен уюштурулду. Максат Казакстанды америкалыктарга мунай-газга эле эмес, руханий маданиятка да бай өлкө экендигин таанытуу болду.

Концерттин биринчи бөлүгүндө Батыштын классикалык чыгармалары ойнолду. Казак мамлекеттик камералык оркестр Брамстын, Моцарттын, Чайковскийдин, Эдвард Грейгдин жана Леонард Бернстейндин чыгармаларын аткарышты.

Оркестрдин көркөм директору жана скрипканын устаты Айман Мусакожаева классикалык музыка бөлүмүн Игорь Фроловдун "Гершвиндин темаларына кыял-концерт" менен аяктады. Мусакожаева 17-кылымда италиялык атактуу Страдиваринин колунан чыккан адими скрипкада ойноду. Бул аспапты казак өкмөтү өнөрпозго 3 жарым миллион долларга сатып берген экен.

Карнеги залындагы концерттин экинчи бөлүмүндө салттык ыр-күүлөрдү америкалык көрөрмандар зор ынтаа менен угуп, улам дүркүрөтүп кол чаап жатышты.

Касеинов былтыр 70 жылдык мааракесин белгилеген Курмангазы оркестринде дүйнөнүн эң эски аспаптарынын бири болгон, европалык скрипканын ата-бабасы саналган кобуз же кыл кыяк да бар экенин айтып отурду:

- Советтик доордо динди массалык куугуктукка алышканда, биз бул аспапты дээрлик жоготуп койгон элек. 1960-жылдары кобызда ойногон бирин-экин эле киши калган. Аны Казак Музыка Консерваториясында окута башташты. Эски адамдар менен гана байланыштырылган кобызды бүгүн жаштар да ойноп жатканы кокустук эмес.

Жоел Сакс Нью-Йоркто Жаңы Жуллиард Ансамблин түзгөн, бул ансамбль Борбор Азияны бир айланып чыккан, ушул апрелде кайтып барганы турат. Америкалыктар Борбор Азиялык музыкалык мурастарды кандай кабылдайт деген суроого Сакс буларды айтып жооп берди:

- Албетте казак элдик музыкасын уюткулуу исскуство формасы, нагыс исскуствонун түрү деп кабыл алып, ага кызыккандар көп. Ошол эле учурда ага экзотикадай, бир көрүп кызык тарай турган нерседей мамиле жасагандар да жок эмес.

Жоел Сакс монголдор менен тывалардын көмөкөй менен ырдоо салты Батышта улам таанылып, таралып баратканын, ырдын мындай үлгүсү Түндүк Казакстанда да кездешээрин белгиледи. Айткандай эле Карнеги залында Эдил Кусеиновдин көмөкөй менен ырдаган ыры кеченин туу чокусу болуп калды.
XS
SM
MD
LG