Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Шайлоодон баш тартуу мөөнөтү соңуна чыкты


БИШКЕК. Кыргызстандын шайлоо кодексине ылайык депутаттыкка талапкерликтен өз каалоосу менен баш тартуу мөөнөтү 12-февралда соңуна чыкты. Борбордук шайлоо комисссиясынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, шайлоо жараяны башталгандан бери 473 атуул шайлоого талапкер катары катталуу үчун арыз беришкен. Алардын ичинен 41 атуул өз каалоосу менен арыздарын кайтарып алышты. Ал эми он бир атуул ар кандай мыйзамдуу себептер менен катталган жок. Учурда 75 депутаттык орунга баш аягы 417 талапкер ат салышуууда. Парламенттик шайлоо 27-февралда өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG