Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

ОРУСИЯДА ЧЕЙРЕК МИЛЛИОНДОЙ КИШИ БИР КҮНДӨ НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯЛАРЫНА ЧЫКТЫ


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын 240дай шаарларында ишембиде жеңилдик берүүнү акча менен алмаштырууга каршы нааразылык акциялары өттү. Өлкөнүн ички иштер министрлиги маалымдаганга караганда, ага баш-аягы 250 миң киши катышкан. Москвада КПРФ жана башка солчул партиялар уюштурган митинг Калуга аянтында өтүп, алар өкмөттү таркатуу талабын коюшту. «Бирдиктүү Орусия» партиясы уюштурган жүрүш президент менен өкмөттү колдоду.

Бүткүл Орусия боюнча көчөгө чыгууларга 284 калаа, кыштактардагы баш- аягы 245 миңдей киши катышкан. Сырттан көз салуучулар ушунча элдин көчөгө чыгышына жакында Орусия өкмөтүнүн мамлекеттик жеңилдикти акчалай берүүгө өтүүсү, баанын өсүшү, дегеле жакырчылыктын күчөп баратышы түрткү болду дешет.

Бирок бардык эле көчөгө чыккандар бийликке каргыш айткан жери жок. Кай бирлери кайра аны алкап атышат. Маселен, ишемби күнү Москвада “Бирдиктүү Орусия” партиясы уюштурган жүрүштө ушундай маанай өкүм сүрдү.

Ал акцияга катышкан студент Сергей Прибытков мындай деди:

- Бул жерге биз олигархтарды «жок болсун», фашизмди «жок болсун», коммунизмди “жок болсун” деп келдик. Бул жерге биз президентибиз Владимир Путинди колдош үчүн келдик.

Бийлик жүргүзө баштаган социалдык саясатка каршы чыккандардын кеби мындан башкачараак. Саранскиде митингге катышкан жергиликтүү советтин депутаты Леонид Башмаковдун айтканына караганда, калкты жакырчылыкка дуушар кылган реформанын барынан жогу артык:

- Ушундай турмушка дуушар кылган реформанын өзү реакциячыл болуп эсептелет. Эгерде ал коомдук каршылыктарды жаратат экен, демек ал социалдык жактан коркунучтуу. Ошондуктан, өлкөдө нааразылык кыймылы дагы да арта берет дешке болот, - дейт Мордовия жумуриятынын мамлекеттик жыйынын депутаты.

Москвада өткөн жыйынында коммунисттер “Эл жашасын! Жеңиш жашасын!” деген чакырык таштады. Партиясынын чакырыгын колдоого алган пенсионер:

Путин менен өкүмөт кетсин! Бул биздин талап, - дейт.

Ырасмий булактар таркаткан маалыматка караганда, ишемби күнү көчөгө чыгуулар Белгороддо, Воронежде, Ивановодо, Костромада, Липецкиде, Пензада, Самарада, Чебоксарыда, Челябинскиде, Санкт-Петербургда, Владивостокто болгон.

Алардын көпчүлүгү бийликтин социалдык саясатына нааразылык билдиришкен. Аларга каршы уюштурула баштаган “Бирдиктүү Орусия” партиясынын көчөгө чыгуусун саясат талдоочу Андрей Пионтковский аргасы кеткен бийликтин бир чарасы катары баалайт:

- Путиндин рейтинги ылдыйлай баштагандыктан президенттик администрация коркуп кетип, көрө баштаган чарасынын бири, - дейт.

ИНТЕРФАКС агенттиги билдиргенге караганда, акциялар милиция менен эч кагылышуусуз өтүүдө.

Мамдума жакында өкмөткө ишеним көргөзбөө талкуусун өткөргөн. Анын чечими кабыл алынарда “Бирдиктүү Орусия” партиясынын бардык 300 депутаты тең кол көтөрүүгө катышкан эмес. Натыйжада Мамдумадагы 450 депутаттын 112си өкмөт таркатылсын сунушуна макул болуп, бирок ал аздык кылгандыктан Фрадковдун кеңсеси бийликте калган.

XS
SM
MD
LG