Түркиялык генерал Этем Эрдаги НАТОнун аскерлерин алдыдагы алты ай жетектемекчи. Ага сегиз жарым миңдей жоокери баш ийет. НАТО командачылык кылган эл аралык коопсуздук күчтөрү – ISAFтын азыркы курамынын көпчүлүгү француз жана немец жоокерлеринен турат. Эми алдыдагы жарым жылдын ичинде НАТО Ооганстандагы операцияларын өлкөнүн батышына кеңейтери күтүлүүдө. Кошумча контингентти Испания, Италия, Литва жибермекчи.