Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

АКШ жана Европа алакасын калыбына келтириши керек


Бул тууралуу Мюнхенде, коопсуздук маселесине арналган эл аралык конференцияда немец тышкы иштер министри Йошка Фишер билдирди. Ал өз сөзүндө АКШ менен Евробиримдик "бири –бирине көз каранды" экенин жана трансантлантикалык өнөктөштүктө НАТО уюмунун орду жогору бойдон каларын белгиледи. Мунун алдында Германия конференцияда дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө ылайык НАТОну реформалоо чакырыгы менен чыккан эле. Бирок мындай демилге АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд жана НАТОнун башкатчысы Яаап де Хооп Схеффер тарабынан колдоо тапкан жок. Ал эми БУУнун башкатчысы Кофи Аннан конференцияда АКШ менен Европаны дүйнөнүн жамааттык коопсуздугун узак убакытка пландоого үндөдү. Анын айтымында, БУУну реформалоонун долбоору эмки айда жарыяланат жана анда жамааттык коргонууга көңүл бурулуп, БУУнун антитеррордук стратегиясы жөнүндө да сөз болмокчу. Коффи Аннан ошондой эле Мюнхендеги конференция БУУнун бейпилдик күчтөрү үчүн Иракта АКШ баштаган аскерлерди алмаштыруу оор экенин айтты.

XS
SM
MD
LG