Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

№54 шайлоо округунда олуттуу мыйзам бузуулар орун алууда


ТАЛАС. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын Талас аймактык өкүлчүлүгүнүн көз карандысыз байкоочулары №54 Талас шайлоо округунда үгүт иштери бир нече мыйзам бузуулар боюнча акт түзүштү. Маселен, Талас мамлекеттик университетинин окуутучулары участокторго бөлүнүп, шайлоочулардын паспорттук маалыматтарын жазып алышып, аларды университеттин штабына тапшырып жатышат. Көчөлөрдө паспорту жок жарандарды акысыз сүрөткө тартып, №9 формадагы справка алып берүүгө милиция менен келишим бар деген кепилдик берген жарыялар пайда болууда. Бирок телефондо отургандар кайсы талапкер үчүн иштеп жатышкандыгын айтпай коюшкан. 12-февраль күнү Болот Шерниязовго үгүт ишин жүргүзүп жүргөн жеринен Талас шаарынын тургуну Мидин Кулжобаевди белгисиз бирөөлөр уруп-сабап, ал ооруканада дарыланууда. Аны кимдер сабагандыгын укук коргоо органдары иликтеген эмес. Мындай мыйзам бузууларга округдук комиссиянын үгүт иштерге көзөмөл жүргүзүүчү жумушчу тобу көңүл буруп койгон жок. Бул тууралуу коалициянын №54 Талас округу боюнча байкоочусу Рада Жунусова 14-февраль күнү маалымдады.

XS
SM
MD
LG