Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:18

АКШ Конгресси Феликс Куловдун боштондугун сурайт


БИШКЕК. АКШ Конгрессинин Борбор Азия багытында иштеген комитети Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалы боюнча резолюциянын долбоорун сунушташты. Борбор Азия өкмөттөрүнө кайрылууларды камтыган бул долбоор Конгресстин Борбор Азия боюнча кичи комитетинин жетекчиси Илиана Рос Летинен тарабынан даярдалган. Кыргыз бийлигине жолдонгон кайрылууда мурдагы вице-президент Феликс Кулов баштаган бардык саясий ишмерлерди бошотуу сунушу айтылат. Бул тууралуу Орусиянын «Время новостей» гезити жазды.
Феликс Кулов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып менен 2000-жылдан бери түрмөдө отурат. Акыркы ирет саясатчынын арызын караган Сокулук райондук соту аны 2005-жылдын 15-ноябрында бошойт деген чечим чыгарган. Саясатчынын адвокаты жана тарапкерлери парламенттик жана президенттик шайлоолор убагында Куловдун түрмөдө отурушу ырасмий бийлик үчүн ыңгайлуу деп санашат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG