Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Р.Отунбаева Москвага барып келди


БИШКЕК. Орусия Федерациясы КМШ мамлекеттери менен демократиялык кызматташтыктын жаңы принциптерин үйрөнө баштады. Жекшемби күнү Москвадан кайтып келген «Атажурт» партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева «Азаттыкка» берген интервьюсунда ушундай пикирин билдирди. Анын айтымында, Орусия эки өлкө ортосундагы жалпы кызматташтыктыкты сактоо үчүн ырасмий бийлик менен эле эмес, оппозиция менен да кызматташууга кызыкдар болууда.
Роза Отунбаева баштаган делегация Москвада болгон учурунда Орусиянын Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитет башчысы Михаил Маргелов, Мамлекеттик думанын эл аралык иштер комитетинин төрагасы Константин Косачев, КМШ иштери боюнча комитет төрагасы Андрей Кокошин өңдүү саясатчылар жана ырасмий өкүлдөр менен жолугушту. Анда кыргыз-орус мамилелери, Кыргызстандагы парламенттик шайлоо, оппозициянын максат-милдеттери тууралуу ой бөлүштү. Ушул эле сапарда «Карнеги» кору уюштурган тегерек үстөлгө, «Журналисттер» үйүндө өткөн маалымат жыйынына катышып, саясат таануучулардын, коомдук ишмерлердин жана журналисттердин ар кыл суроолоруна жооп беришти.

XS
SM
MD
LG