Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

БЕЙРУТТАГЫ ЖАРДЫРУУДАН ЛИВАНДЫН МУРДАГЫ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ КАЗА ТАПТЫ


Ливандын башкалаасы Бейруттагы дүйшөмбү күнкү күчтүү жарылуудан өлкөнүн мурдагы премьер- министри Рафик Харирини кошкондо кеминде он адам каза тапты, жүздөй киши жаракат алды. Эларалык коомчулук бул кандуу окуяны айыптады.

Алтымыш жаштагы Рафик Харири араб дүйнөсүндө саясатчы эле эмес, ишкер жана өтө бай адам катары да белгилүү эле. Америкалык "Форбс" журналы мындан эки жыл мурда аны дүйнөнүн 100 бай инсанынын тизмесине киргизген. Саясатчы катары болсо Рафик Харири Ливан өкмөтүнүн башчылыгына 1989-жылы аяктаган граждандык согуштан кийин келип, өлкө борбору Бейрутту калыбына келтирүү ишин жетектегени менен эсте калган.

Бомбаланган автоунаа Рафик Хариринин автокербени шаардын суу жээгиндеги көчөсү менен кетип бара жаткан кезде жарылган. Мурдагы премьер- министр автоунаасынын сыныктары арасынан алынып чыккан кезде тирүү эле, бирок ооруканга бара жаткан жолдо каза тапты.

Курман болгондордун бир нечеси анын сакчылары. Жарылуудан улам бир нече автоунаа керектен чыгып, айланадагы имараттарга да бир топ зыян тийген. Андан Бейруттагы белгилүү имараттардын бири, жарылуу жасалган жердин бет маңдайында жайгашкан "Сент Жорж" аттуу мейманкана эң көп жабыр тартты.

Өкмөт башчысынын кызматынын былтыр октябрда чегингенине карабай Рафик Харири Ливандын саясатында салмагы бар адам деп эсептелчи. Анда Хариринин премьер- министрликтен кетүүсүнө коңшу Сириянын кысымы түрткү болгон эле. Сириянын кийлигишүүсү менен Ливан парламенти өлкө Конституциясына азыркы президент Эмил Лахуддун дагы үч жылга бийликте калуусуна уруксат берген өзгөртүү киргизген. Майкл Глэкин Бейрутта чыгуучу "The Daily Star" гезитинин редактору:

-Ливандын азыркы бийликтери жалпысынан сириячыл деп эсептелет. Харири өзү оппозициянын катарында экенин эч качан расмий билдирбегени менен, Ливандын негизги оппозициячыл күчтөрүнүн көз карашын бөлүшкөнү анык. Анын туруму жөнөкөй эле болчу - Сирия анын өлкөсүнүн иштерине кийлигишпеши жана аскерлерин чыгарып кетиши керек. Хариринин өлүмү Ливандын саясатында чоң боштукту жаратты. Ал саясатчы жана миллиардер катары эл аралык чөйрөгө белгилүү жана абройго ээ эле.

Сириянын Ливанда 20 миңдей жоокери бар жана граждандык согуш аяктагандан бери Дамасктын Ливандын саясий сахнасындагы таасири күчөгөндөн – күчөп келүүдө. Рафик Харири кызматтан кетип жаткан кезде БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядан Ливандан аскерлерин чыгарууну, саясий ишине кийлигишүүнү токтотууну талап кылган резолюция кабыл алган. Маркум экс- премьер министр да соңку кездери Сирияны Ливандагы аскерлерин алып кетүүгө үндөгөн чакырыктарга кошулган.

Эл аралык коомчулук Бейруттагы жардырууну айыптады. Ак үйдүн маалымат катчысы Скот Макллелан бул окуя Ливандын эли өз келечегин "Сириянын оккупациясынан эркин" курууга мүмкүнчүлүк алыш керектигин эске салганын белгиледи. Француз президенти Жак Ширактын жардыруу боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүлүшү керек деп эсептейт. Кандуу окуяны айыптаган билдирүүнү Сириянын жетекчилиги да жасады. Ал эми Араб лигасынын башкатчысы Амр Муса мындай дейт:

-Мен өз өмүрүн Ливанга, араб дүйнөсүнө кызмат кылууга, арабдардын кызыкчылыгын коргоого арнаган Рафик Харири сыяктуу улуу лидерден айрылганыбызга өтө өкүнчтөмүн. Бул - көңүл айныткан кылмыш.

Айрымдар кол салууну Хариринин бизнес кызыкчылыктары менен байланыштырып жатышат. Ал курулуш, компьютер, телекоммуникация тармагындагы ишканаларга, маалымат каражаттарына ээлик кылчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG