Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

Израил аскерлери 15 согушчандын сөөгүн палестиндерге өткөрүп берди


Палестиналык согушчандар акыркы эки жылда Газа тилкесинде жана башка жерлерде Израил армиясына чабуул жасап жатканда окко учушкан.

Израилдин бул кадамын Палестин автономиясынын саламаттык министри Жавад ал-Тиби маанилүү жышаана деп атады.

Премьер-министр Ариель Шарон келерки жумада өкмөткө кайрылып, Газадагы жөөт конуштарын жана Батыш Иордандагы жөөттөрдүн айрым маалелерин көчүрүп чыгуу планын бекитүүнү сурай турганын жарыя кылды.

Палестин президенти Махмуд Аббас “New York Times” гезитине бүгүн басылган интервьюда Израилдин жөөт конуштарын көчүрүп чыгуу планына жогору баасын берип, Жакынкы Чыгышта “жаңы доор” башталат деген ишеничин айтат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG