Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

"ГРЭММИ": АЛДЫДА АТАКТУУ РЭЙ ЧАРЛЬЗ


Кечээ Лос-Анжелес шаарында Американын музыка чөйрөсүндөгү эң жогорку сыйлык – "Грэмми" тапшырылды. Андагы башкы байге – "жылдын эң мыкты альбому" сыйлыгы былтыр жайында көз жумган атактуу музыкант Рэй Чарльзга тийди.

Кара көз айнекчен, кычыраган смокинг кийип алып, күчтүү, жумшак, бир аз каргылданган үнү менен дүйнөдө жалгыз өзү жашагандай роялды карабай чертип коюп эргип ырдап отурган олбурлуу адам – ал ким? Албетте, Рэй Чарльз.

6 жашында эки көзү көрбөгөн азизге айланып, 15 жашында томолой жетим калган Рэй: "мен төрөлгөндө эле ичимде музыка бар болчу" деп отуруп, далай ырчылар жетпей калган "Грэмми" сыйлыгына ушуну менен 14-жолу татыктуу деп табылды. Музыкант өзү былтыр жайында 73 жаш курагында дүйнө салган, андан эки ай өткөн соң даярдалып бүткөн Genius Loves Company альбому дүйнөнүн чар тарабында 1 миллиондон ашуун нускада сатылыптыр. Ошентип, тирүүсүндө атактуу француз ырчысы Фрэнк Синатранын "биздин кесипте бир гана гений бар, ал – Рэй Чарльз" деген сөздөрү азиз музыканттын көзү өткөндөн кийин да далилденип отурат.

Быйылкы "Грэмми" сыйлыгын андан тышкары америкалык ырчы Алисия Кэйс, ирландиялык топ U-2, Нора Жонс, орусиялык пианист Михаил Плетнев, Бритни Спирс, "Менин өмүрүм" аттуу аудиобаяны үчүн АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон жеңип алышты.

Баарынан кызыгы, "жылдын мыкты рок-альбому" байгеси Калифорниялык "Жашыл күн" аттуу жаңжалдуу топко ыйгарылды. Жаңжалдуу дегеним, бул рок-группанын атагы "Америкалык кеңкелес" деген ырга байланыштуу далай ызы-чуу жараткан эле. Бул топко кирген музыканттар саясат жыттанган бул ырды "Грэммини" тапшыруу аземинде аткармакчы болгон, бирок уюштуруучулардын өтүнүчү боюнча башка чыгарманы тартуулоого аргасыз болушту. Ошентсе да, алар "Грэммини" алып жатып, сынчылар тобунун калыстыгына тан бергенин кошумчалай кетишти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG