Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

МАХАБАТ ДЕГЕН ЭМНЕ? ОКУМУШТУУЛАРДЫН ЖООБУ...


Ашыглык отуна кабылгандар бүгүн Ыйык Валентин күнүн белгилешүүдө. Махабат деген эмне? Бул суроого жүрөк дартын жакшы билет деген акын- жазуучу, обончу, сүрөтчүлөр, атургай жүрөгү канап, махабатка мас болуп жүргөндөрдүн өздөрү да ага жооп бере алышпайт. Ал эми окумуштуулар болсо бардыгын илимий көз караштан алып түшүндүрүүгө далалат жасашат.

Адамдын тынчын алып, толкундантып, уйкудан калтырган махабат деген эмне?

Сүйүүнүн романтикалык жагын мындай коюп, илимий жактан карап көрсөк, окумуштуулардан көп эле жооп ала алат экенсиң. Илимпоздор бардыгын химиялык жана гендик деңгээлдеги процесстер менен түшүндүрүшөт. Маселен, эркектер же аялдар өзүнө түгөй издегенин алсак.

Эркектер жүздөрү симметриялык аялдарды тандашат экен. Эмне дегенде, симметрия адамдын гени таза дегенди билдирет. Ошол аял менен балалуу болом деген эркек үчүн эч кандай мандемсиз гендер абдан маанилүү. Британиялык окумуштуу Бен Жоунс көп жылдардан бери ушул маселени изилдеп келатат:

- Симметрия өсүп-өнүгүүнүн стабилдүүлүгүн далилдейт. Ошондой адамдар башкаларды өздөрүнө көбүрөөк тартышат.

Жыт дагы адамдардын жакындашуусунда чоң ролду ойнойт. Кээ бир изилдөөлөр көргөзгөндөй, адамдар иммундук системасы өздөрүнүкүнөн айырмаланган түгөй тандашат. Башка бир психолог-илимпоздор аялдар жанындагы эркектердин жытынын атасыныкындай болушун каалашат дешет.

Эдинбургтук профессор, эксперименталдык психология боюнча адис Гарет Ленг бардыгын илимий көз караштан алып түшүндүрөт:

- Биз тандаган же өзүбүзгө тарткан адамдар генетикалык жактан бизге окшобош керек, ошол эле мезгилде көп айырмачылыктар да болбоого тийиш.
Адамдын гендери менен жыт билүү сезими бири бирине абдан жакын. Кыскача айтканда, биз жакшы көргөн кишибиздин жытын жактырабыз, же бизге жаккандай жыттанган кишини жакшы көрөбүз
.

Окумуштуулар адам сүйүп калганда мээсинин кайсы бөлүгү активдеше баштагандыгын, организминде кандай химиялык процесстер болуп жаткандыгын аныктай алышты.

Маселен, допамин гормону адам тамак-аштан же наркотиктен ырахат алганда пайда болот. Махабат дагы допаминдин көбөйүшүнө алып келет экен. Ал эми серотонин гормону сүйгөн адамдардын организминде депрессиядан же психикалык оорудан жабыркаган кишилердикиндей аз болот.

Жыйынтыктап айтканда, махабатка кабылган киши акылын жоготкон же маңзаттын кулу болуп калган адамга окшойт.

Сүйүүнүн романтикасын болсо жазуучу, сүрөткерлер жакшыраак түшүндүрө алышат дешет окумуштуулар.

XS
SM
MD
LG