Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:53

16-февралга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, 16-февралда Кыргызстандын айрым аймактарында кар жаап, Жалалабад, Ош, Баткен, Чүй, Талас облустарына туман түшөт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС дубанында түнкүсүн -15...-20, күндүз -3...-8 градус суук.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН облустарында түнкүсүн -4...-9 градус суук, күндүз -2 градус сууктан +3 градуска жылуу.
ЧҮЙДӨ түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...-7 градус суук.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн -6...-11 градус суук, күндүз -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.
НАРЫНДА түнкүсүн -17...-22, күндүз -5...-10 градуска суук.
Борборубуз БИШКЕКТЕ кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -13...-15, күндүз -4...-6 градус суук.
Күндүн узактыгы 10 саат 36 мүнөт.

Кабарларды Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Чолпон Орозобекова

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG