Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Паспорту жок жаштар окууга кечигүүдө


ОШ. Паспорт жоктугуна байланыштуу балдары Орусиядагы окуу жайларына бара албай кечигип жатышкан 13 ата-эне өкмөт башчы Николай Танаевге кайрылуу жолдошту. Орусиянын Краснодар крайындагы Майкоп технологиялык университетине Оштон 19 улан-кыз конкурстук негизде кабыл алынган. Алардын бири студент Каныбек Данияров билдиргенге караганда, окууга кете турган балдардын он үчүнүн паспорту жок өз убагында кете алышпай сабактан кечигип жатышат. Николай Танаевдин атына жөнөтүлгөн кайрылууда балдардын ата-энелери буга чейин Ички иштер министрлигине, Маалымат технология агенттигине жана өкмөт башчынын аппаратына бир канча ирет кат менен кайрылып, жооп ала алышпагандыгы айтылат. Эгерде бул жолку кайрылууга да эч кандай жооп болбой турган болсо Орусиянын президенти Владимир Путинге жардам сурап кайрылышаары эскертилет. Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын паспорт бөлүмүндөгүлөр алиге чейин жаңы үлгүдөгү паспорттор келип түшө электигин кабарлашты. Ал эми кыргыз өкмөтү шайлоого чейин калкты паспорт менен толук камсыздоо тууралуу токтом кабыл алган.

XS
SM
MD
LG