Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

“Кыргызстан режим алмашаар өлкө көрүнүүдө”


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин кеңешчиси жана “Карнеги” фондусунун Орусия менен Евразиядагы директору Андерс Аслунд Орусиянын «Независимая газетасына» берген интервьюсунда «Кыргызстан режим алмаша турган кезектеги өлкөлөрдүн бири болуп көрүнүүдө» деген пикирин билдирди. Анын айтымында, КМШдагы өлкөлөрдө демократиялык революциялар болушу толук мүмкүн жана ага бир катар жагдайлар себепчи. Ага КМШдагы мамлекеттерде, анын ичинде Орусиядагы жумшак авторитаризмдин күчөгөнү башкы себеп. Андан тышкары КМШдагы өлкөлөрдө мамлекеттин жетегинде жүрүүнү жактырбаган ишкерлердин күчтүү тобу бар. Кыргызстанда президенттик шайлоо жакындап келаткандыгын баса белгилеген Андерс Аслунд кыргыз бийлиги президенттик орунга сунуш кылчу талапкердин аты азырынча белгисиз экендигин билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG