Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

“МСН” гезитинин соту болот


БИШКЕК. Оппозициялык маанайдагы «МСН» гезитине каршы берилген эки доо арыз Октябрь райондук сотунда 16-февралда карала баштайт. Бул тууралуу гезиттин башкы редактору Александр Ким 15-февралда билдирди. «Вечерний Бишкек» газетасы «МСН» гезитинен жана анын кабарчысы Рина Приживойттон өз пайдасына жалпысынан 7 миллион 300 миң сом талап кылууда. «Вечерний Бишкектин» жана анын башкы редакторунун оппозициялык маанайдагы басылманы сотко берүүсүнө «Вечерний Бишкек» гезитин президенттин күйөө баласы көзөмөлдөп турат” деген маанидеги макалалардын «МСН» гезитине өткөн жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында жарыяланышы себепкер болгон. Экинчи сот жараянында «Кыргызгаз» акционердик коомунун доо арызы каралат. Арызда гезитте өткөн жылы жарыяланган макалада газ ишканасындагы коррупцияга байланыштуу маалыматтар чындыктан алыс деп аталып, моралдык зыян үчүн гезиттен өз пайдасына 7 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG