Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

«Хюман райтс вотч» Акаевге ачык кат жолдоду


БИШКЕК. 14-февралда «Хюман райтс вотч» уюму президент Аскар Акаевге ачык кат жолдоду. Анда кыргыз бийлиги атуулдук коомдун активисттерин жана саясий оппозицияны куугунтуктоого багыт алганын анын соңку билдирүүлөрү көрсөтүүдө деп жазылган. Ырасмий билдирүүлөрдө оппозиция өкүлдөрү «экстремисттер», ал эми көз карандысыз маалымат каражаттары “бузукулар” катары бааланган. “Сиздин өкмөтүңүз массалык коомдук кыймылды Батыштын шыкагы менен жасалган катары баалап, алар көтөргөн маселелерди четке кагууда. Сиздин билдирүүлөрүңүздө “адам укугу-бул өлкөнүн ички иши жана байкоочулардын абийирдүүлүгү күмөндү туудурат” деп айтылганы өзгөчө кооптонууну жаратат. Эркин чогулуу укугун жаңы мыйзамдар менен чектөө аракети жасалууда. Потенциалдуу талапкерлер Роза Отунбаева, Үсөн Сыдыков, Медеткан Шеримкулов шайлоого жолотулган жок. «МСН» гезитине сот аркылуу басым күчөп баратат. Биз, Кыргызстанда адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо боюнча чечимдерди кабыл алууну сунуштайбыз” деп жазылган «Хюман райтс вотчтун» президент Акаевге жазган катында. Президенттин басма сөз кызматы бул кат менен таанышып жатканын жана азырынча жооп бере албасын билдирди.

XS
SM
MD
LG