Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

БОРБОР АЗИЯДАГЫ ПАХТА ӨНДҮРҮШҮ КОРКУНУЧ ЖАРАТУУДА


Төрөкул Дооров, Прага Ондогон жылдар бою Тажикстан менен Түркмөнстанда пахта өңдүрүшү экономиканы алдыга жылдырып турган негизги фактор катары эсептелип келди. Ал эми Өзбекстан пахта өндүрүү боюнча региондо биринчи, дүйнөдө бешинчи орунду ээлейт. Соңку жылдары иштетилбеген пахтанын баасынын кескин түшүп кетиши бул мамлекеттердин кубатына терс таасир тийгизгендей болду. Эл аралык кризис тобу өзүнүн жаңы тараткан кабарында “пахта өндүрүшүнө өзгөчө көңүл бурган бул региондо социалдык, экологиялык жана саясий акыбал курчуйт” деп эскертет.

Борбор Азиядагы пахта өндүрүшү узак убакыт бою региондун айыл-чарбасын ар тараптуу өнүктүрүүгө жол бербей, эң алдыңкы орунга коюлуп келгендей туюлган.

Бирок Эл аралык кризис тобунун жаңы кабарында өндүрүштүн бул түрү кайсыл бир деңгээлде олуттуу коркунуч катарында да көрсөтүлүптүр.

Докладдын автору, аталган топтун аналитиги Майкл Холлдун изилдөөсүндө “региондогу миңдеген студенттерди жайында оор жана коркунучтуу шарттарда зордоп пахтада иштөөгө айдап жатышкандыгы, ал үчүн жетишээрлик акча да төлөнбөй тургандыгы” айтылат.

Анын үстүнө пахта көп жолу сугарылышы керек, мунун кесепетинен аймакта экологиялык олуттуу коркунучтарды да күтүүгө болот.

Майкл Холл постсоветтик аймакта негизги пахта өндүрүүчү, ошол эле учурда эң жакыр, Борбор Азия мамлекеттери өзүлөрүндө чоң кыйынчылыктардын алдын алуу үчүн пахтанын оордуна айыл-чарбасынын башка түрүнө өтүүнү эскертет.

- Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын айыл-чарбасында азырга чейин өкмөттөр негизги чечимди кабыл алышат. Кагаз бетинде алардын укуктары кыскартылганы менен, алар дыйкандарга эмне өстүрүү керектигин дайыма буйруп турушат. Андыктан, бул көбүрөөк саясий проблемага, же саясий көзөмөлдүн ишине айланды деп ойлойм, - дейт Эл аралык кризис тобунун аналитиги Майкл Холл.

Өзбекстан пахта өндүрүшү боюнча өзүнө коңшулаш мамлекеттер ичинде алдыңкы орунда, ал эми дүйнөдө бешинчи орунду ээлейт.

Дүйнөлүк банктын кабарына ылайык, Өзбекстан 2003-жылы 883 млн.доллар өлчөмүндө пахта экспорттой алды. Пахта, негизинен, бул мамлекеттин экспорттук буюмдары ичинде алтындан кийинки негизги товар.

Тажикстан үчүн да пахта алюминийден кийинки экинчи негизги экспорттук товар экендиги маалым.

Ушундан уламбы, аналитик Холл Борбор Азия мамлекеттери пахта өстүрүү менен гана алектенишинин өзү коркунучтуу экендигин белгиледи. “Анткени пахта региондо айыл-чарбасына элди багууга керектелүүчү калган жашылча-жемиш, өсүмдүктөрдү жетиштүү көлөмдө өстүрүүдөн алагды болуп жатат. Бул мамлекеттер өз элин багуу үчүн көп учурда башка мамлекеттерден азык-түлүк ташып келиүүгө муктаж” дейт ал.

- Билесизби, эгерде айыл-чарбасы менен жашап келаткан мамлекетте калктын басымдуу бөлүгү бир эле үрөөндү эгип-жыйноо менен алектенсе, ошол эле учурда, эл ал эмгеги үчүн жетишээрлик акча албаса, бул акыр аягында коомдо социалдык нааразылыкты күчөтөт. Анткени саясий көзөмөлдө турган бул иш канчалаган элди кулчулук абалга түшүрүп койду. Бул көрүнүштү Өзбекстанда да, Тажикстанда да, Түркмөнстанда да тапса болот, - дейт Майкл Холл.

Анын айтымында, айыл-чарбада бир эле өсүмдүккө байланып, ага көз-каранды болуп калыштын өзү акыркы мезгилдерде дүйнөдө иштелбеген пахтага болгон баанын арзандап кетишинен улам олуттуу проблемаларды жаратууда.

“Бирок дүйнөлүк рынокто пахтага болгон баа төмөндөсө да Борбор Азия мамлекеттери ич-ара биргеликте кызматташууга бара-алышпады” дейт АКШнын Тышкы саясат боюнча Вашингтондо жайгашкан кеңешинин өкүлү Уейн Мерри.

- Көп учурда бул үч мамлекет - Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан ичинде пахта өндүрүшү боюнча атаандаштык сезими күчтүүлүк кылат. Мунун өзү биргелешип кызматташууга жолтоо болуп, биринчи орунга улуттук кызыкчылыктар менен таймашууга мүмкүнчүлүк түзүп жатат, - дейт Уейн Мерри.

XS
SM
MD
LG