Кытайда көмүр шахтадагы жарылуудан 203 киши мерт болду
Кытайда көмүр шахтадагы жарылуудан 203 киши мерт болду
Синхуа маалымат агенттиги таркаткан кабарда өлкөнүн түндүк-чыгышында болгон бу кырсыктан 22 киши жабыркаганы, он үч кенчи табылбай жатканы айтылат. Кытай шахталарында былтыр эле ар кандай кырсыктардан алты миңдей адамдын өмүрү кыйылган.