Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:04

ТООЛУУ КАРАБАККА БИРИНЧИ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЭКСПЕРТТЕР КЕЛИП КЕТТИ


Нарын АЙЫП, Прага 1994-жылы Тоолуу Кабаракта ок атышуу токтогонуна карабай, армян жана азербайжан тараптар он жылдан бери маселе боюнча жакшылыктуу сүйлөшүү жүргүзө албай келет. Февралдын башында болсо Тоолуу Карабакка "Минск тобу" деп аталган ортомчу уюмдун тең төрагасы, франциялык дипломат Бернар Фасияй келип кетти жана анын айтымында, аймактагы абал азери өкмөтү айтканчалык жаман эмес.

Карабак маселеси 1988-жылы чыккан жана автономиялык аймакта жашаган армяндар алардын укуктары басмырлангандыгы тууралуу айтып, аны же эгемендүү жумурият деп жарыялап, же аны кошуна Арменияга кошууну талап кылган. Бакы маселени күч менен чечүүгө аракеттенгенде, ири куралдуу кагылышуулар башталган жана ал согушта Азербайжан аскери утулган. Кошуна Армения болсо карабак армяндарына аскерий жардам көрсөтүп, Тоолуу Карабак менен Арменияны бөлүп турган Лачин аймагын өз көзөмөлүнө алып, ал жерде атайын кара жол да курган.

Натыйжада 1993-жылдын башында Тоолуу Карабак толугу менен армяндардын көзөмөлүнө өткөн жана ошол эле жылы азери аскери бир нече салгылашууда утулгандан соң, өзүнүн автономиялык аймагын кайтарып алуудан Азербайжан дээрлик толугу менен кол үзгөн. 1993-жылдын 3-апрелинде армяндардын колуна Калбачар шаары өткөн жана андан көп узабай армяндар Агдам, Фузули, Жабраил жана башка шаарларды басып алгандан кийин маселе армяндардын пайдасына чечилген.

Мынчалык чоң соккудан кийин Азербайжандын өзүндө да баш аламандык башталып, анын найтыжасында бийликке өлкөнүн мурдагы коммунисттик жетекчиси Гейдар Алиев келген жана 1994-жылдын май айында Бишкекте ок атышууну токтотуу тууралуу келишим түзүлгөн.

Андан бери эки тарап Карабак маселеси боюнча жакшылыктуу сүйлөшүү жүргүзө албай келет, анткени Азербайжан - сүйлөшүү баштоонун шарты катары армян аскерлеринин басылып алынган аймактардан чыгарылып кетишин талап кылат. Армения болсо аскерлердин чыгарылышын андай сүйлөшүүнүн темаларынын бири катары кылууну сунуштайт.

Анткен менен Азербайжандын талабы менен Бириккен Улуттар жана бир топ башка эл аралык уюм Тоолуу Карабакты басылып алынган аймак деп атап, анын Азербайжанга кайтарылып беришин талап кылган. Бакынын айтымында болсо, акыркы мезгилде Армения Тоолуу Карабакта жаңы айылдарды түзүп, аларда жашоого Армениядан 23 миңге жакын адам жиберди.

1996-жылы Карабак маселеси боюнча "Минск тобу" деп аталган атайын ортомчу уюм түзүлгөн, анын үч тең төрагасы бар - АКШ, Орусия жана Франция. Феврал айынын башында Тоолуу Карабакка "Минск тобунун" франциялык төрагасы Бернар Фасияй жетектеген өкүлчүлүк келип кетти жана Фасияйдын "Азаттыктын" кабарчысы Жан-Кристоф Пойкко айтканына караганда, Азербайжандын андай билдирүүлөрү так эмес экен:

- Абал көп дам ойлогондой эмес экен. Басылып алынган аймактарга атайын план менен жаңы тургундарды жиберип, жаңы айылдарды түзүү аракети байкалбайт. Бирок бир өзгөчөлүк бар, ал - Лачин аймагы. Ал жерде чындап эле жаңы айылдар түзүлүп, армяндардын ал жерге көчүп барып жашашын Армения өкмөтү чындап эле колдойт. Бирок башка аймактарда пайда болгон жаңы тургундардын 80-90 пайызы эч кандай плансыз, өз эрки менен же жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен, же армян диспорасынын колдоосу менен келгендер. Лачин аймагынан башка жерлерде Степанакерттин дагы, Еревандын дагы кийлигишүүсү байкалбайт.

Лачин аймагы аркылуу Тоолуу Карабак Армения менен биригип тургандыктан, ал тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүгө Ереван кескин каршы. Карабакка келип кеткен өкүлчүлүк болсо атайын доклад даярдап жатат жана аны "Минск тобуна" тапшырат, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму ал докладды март айында карайт.
XS
SM
MD
LG